Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын 6-сессиясы
2025-жылдын 02-апрелиндеги №3
Момбеков айыл аймагындагы механизаторлордун
элге кызмат көрсөтүүдөгү эмгек
акысын бекитүү жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары З.Тиллабаевдин механизаторлордун элге кызмат көрсөтүүдөөгү эмгек акысын бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн механизаторлордун айыл чарба
талаа жумуштарына кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Пахтанын, жүгөрүнүн ордун айдоо -4000 сом,
- Беденин ордун айдоо - 4000 сом,
- Мала 1 след айдоо -1500 сом,
- Культивация айдоо -1500 сом,
- Бедени престөө -20 сом,
- Бедени оруу – 2000 сом.
2. Жогорудагы бекитилген баа менен иш алып баруу жагы айыл
өкмөтүнүн механизаторлоруна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана
укук коргоо жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : Абдыразак уулу И