Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы №135
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы Т.Кайымовдун жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 16-майындагы №10 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен төмөнкү иш-чараларга акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-10,0 миң сом акча каражаты Ак-Тилек кичи районунун №9 көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну Ж.Абдылдаевдин бутуна операция жасоо үчүн материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты “Достук” кичи районунун М.Абжалов көчөсүнүн №97 үйүнүн №4 батиринин тургуну Ж.Бегимкуловдун боорун алмаштыруу үчүн материалдык жардам иретинде;
-100,0 миң сом акча каражаты Арек айылынын Жусубалиев көчөсүнүн тургуну А.Жолдошеванын дарылануусуна материалдык жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын “Достук” кичи районунун №53 көчөсүнүн №50 үйүнүн тургуну М.Садыкованын дарылануусуна материалдык жардам иретинде.
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттардын мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |