Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 01-7/54
Жер тилкелеринин категориясын которуу жөнүндө
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин жер-агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 28-августундагы отурумунда кабыл алынган чечиминин негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асылбаш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы №1 токтому жана 2019-жылдын 26-мартындагы №2/1 токтомунун 1-пункту аткарууга алынсын.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө:
- Шаабай жайлоосунун №267 контурунан 0,26га жер тилкесин "жайыттар" категориясынан "транспорт, байланыш, энергетика, коргоо, өнөр жайы жана башка багыттагы жерлерге" которуу боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч кат берүү тапшырылсын.
- Асылбаш айылында “Орто” каналынын боюнда жайгашкан “Тарыхтан таш баян” тарыхый мемориалдык комплекси орун алган 0,26 га жер тилкесин “жеке үй куруу” багытынан "транспорт, байланыш, энергетика, коргоо, өнөр жайы жана башка багыттагы жерлерге” категориясына которуп, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
3. Бул токтомду аткаруу үчүн тиешелүү документтештирүү жана бардык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |