Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы №136
Муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиевдин “Жамгыр балдары” коомдук кайрымдуулук фондуна муниципалдык ижарага берилген Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №306 дарегиндеги имаратты муниципалдык ижара акысынан бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 16-майындагы №9 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. «Жамгыр балдары» коомдук кайрымдуулук фондуна ижара шартында берилген Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №306 дарегиндеги жалпы аянты 123,94 чарчы метрди түзгөн муниципалдык имаратты ижара акысынан 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мөөнөткө бошотууга макулдук берилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |