Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/52
Сокулук коммуналдык ишканалар комбинаты ААКнын канализация кызматтары үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
Сокулук коммуналдык ишканалар комбинаты ААКнын башкы эсепчиси С.С.Незванованын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагында канализация кызматтары үчүн (саркынды сууларды кабыл алуу жана сордуруу боюнча) баалардын прейскуранты салыктарды эсепке албастан төмөндөгү тарифте бекитилсин:
- жашоочулар үчүн – 1 м3 – 10,0 сом;
- чарбалык субъекттер үчүн - 1 м3 – 40,0 сом.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Т.Э.Бектемировго жана Сокулук коммуналдык ишканалар комбинаты ААКнын башчысына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |