Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августундагы № 01-7/51
“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” (АИД-3 КК) долбоору боюнча Сары-Өзөн айыл аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында Сары-Өзөн айыл айыл аймагында аткарылган иштери боюнча Асылбаш АК АКИАнын төрайымы А.Акелованын, Төш-Булак АК АКИА төрайымы Г. Бабаеванын жана Крупская атындагы АК АКИАнын төрайымы М.Макашеванын маалыматтарын угуп жана талкуулап Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында Сары-Өзөн айыл аймагында аткарылган иштери боюнча Асылбаш АК АКИАнын төрайымы А.Акелованын, Төш-Булак АК АКИА төрайымы Г. Бабаеванын жана Крупская атындагы АК АКИАнын төрайымы М.Макашеванын маалыматтары кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы АКИАнын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Бектемировго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |