Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ

(V ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2023-жылдын 30-майы №137

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиевдин Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча сунушталган маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 16-майындагы №10 чечимин эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

 

1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 9-тиркеменин 33-пунктундагы “Ош шаарындагы №24 М. Фрунзе мектебине футбол ойноочу аянтча курууга” деген сүйлөм “ Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын А.Матросов атындагы көчөсүн асфальттоо үчүн” деп өзгөртүлсүн.

 

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.М. Арзиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.С.Назылбеков