Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/50
Бишкек-Кара-Балта автожолундагы көчөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-августунда Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүнүн аталышын “Кыргыз Республикасынын баатыры” Шеримкулов Медеткан Шеримкуловичтин наамына өзгөртүү жөнүндө№01-32/921 кайрылуусунун негизинде, демилгечи, айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Р.Акчаловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Сокулук районунун көрүнүктүү инсанынын ысымын көчөгө ыйгаруу үчүн Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылынын Бишкек-Кара-Балта автожолу Фрунзе көчөсү аталыштан “АК ШУМКАР” өзгөчө белгиси менен “Кыргыз Республикасынын баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Шеримкулов Медеткан Шеримкуловичтин наамына өзгөртүлсүн.
2. Бул көчөнүн атын өзгөртүүгө байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Т.Э.Бектемировго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |