Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 12-декабры № 2/6
“Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багында Манас-Ордо аллеясын ачууга уруксат берүү жөнүндө”
Кара-Суу шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багында Манас-Ордо аллеясын ачууга уруксат берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кара-Суу шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багынын 30 сотых жер аянтына Манас-Ордо аллеясын ачууга уруксат берилсин.
2. Шаар мэриясы тарабынан керектүү иш кагаздарын даярдоо үчүн тиешелүү тараптар менен иш алып баруу жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |