Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 12-декабры № 2/7
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги II сессиясы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республиксынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын чогулушунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын аймагынан Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди көрсөткөн шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине:
I. Бейшибаева Эркекан Адамбаевна;
II. Маматов Элдияр Маматович;
III. Молдожанова Жовар Абдиллажановна;
IV. Раева Ыквал Абдуразаковна;
V. Сарыбаева Гулнара Орозбаевна
VI. Гуламов Шоятбек Шакиржановичтин талапкерлиги сунушталсын.
3. Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына сунушталсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |