Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын

  XI  сессиясы

 

  2025-жылдын  12-августу  №6

 

« Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынын Жаңы-Турмуш 2 конушуна Шеркулов Асандын атын коюу жөнүндө »

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августунда №467 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эске алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобонун 10,11,12-пунктарын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Н.Ж.Ашимовдун 11.08.2025-жылкы чыгыш №01-28/2261 сандуу сунушуна жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI – сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынын Жаңы-Турмуш

2 конушундагы аты жок көчөгө Социалдык Эмгектин Баатыры Шеркулов Асандын аты берилсин.

2.Шеркулов Асандын атын коюуга кетүүчү 38750 сом акча каражатын карап берүү жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.

3.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

К.К.Анарбеков