Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын

  XI  сессиясы

 

  2025-жылдын  12-августу  №7

 

«Базар-Коргон шаарындагы №37 “Икбол” балдар бакчасына кошумча бир тайпа ачып берүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесинин 6-пунктун, Өкмөттүк акселератор программасынын ”Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасын аткарууга алып, 08.08.2025-жылдагы №01-27/2230 сандуу Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Н.Ж.Ашимовдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  Базар-Коргон шаарындагы №37 “Икбол” балдар бакчасына кошумча бир тайпа ачууга макулдук берилсин.

 

2.  Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Ташиевага милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

 

 

К.К.Анарбеков