Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын

  XI  сессиясы

 

  2025-жылдын 9-сентябры  №1

 

«Базар-Коргон шаарындагы автобекетти муниципалдык менчик реестрине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-,34-,45-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2025-жылдын 4-августундагы №35075 сандуу тапшырмасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы №666-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жетекчиси А.Юсупжановдун 09.08.2025-жылдын чыгыш №01-4/336 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

            1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы №666-т тескемесинин 2-пунктунун негизинде Базар-Коргон шаарындагы автобекетти муниципалдык менчик реестрине кабыл алууга макулдук берилсин.

           

            2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.

           

            3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

 

К.К.Анарбеков