Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы №138
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы “Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобосун бекитүү” жөнүндөгү № 281 токтомуна карата Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Бакир уулу Шахназардын жана Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысы К.Насиповдун Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы “Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобосун бекитүү” жөнүндөгү №281 токтому боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршы билдирүүсү жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 19-майындагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы “Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобосун бекитүү” жөнүндөгү №281 жана 2022-жылдын 29-мартындагы “Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы “Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобосун бекитүү” жөнүндөгү №281 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө” №42 токтомдору өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |