Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

  Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз

XII-сессиясынын

 

  2025-жылдын  9-сентябры  №4

 

«Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2030-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн иш-планын бекитип берүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34,45-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ №178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнү улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Н.Ж.Ашимовдун 10.07.2025жылкы №10-4/67 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

   

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

       1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2030-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн иш-планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

 

      2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

 

      3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

 

 

К.К.Анарбеков