Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

  Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз

XII-сессиясынын

 

  2025-жылдын 9-сентябры  №5

 

«Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34,65-беренелерин аткарууга алып, 04.09.2025-жылкы чыгыш №10-4/2567 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II–чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

                                                                           

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  “Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасы 17 (он жети) штат бирдиги менен иш жүргүзүп келген. Бүгүнкү күндө “Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасы өзүнчө бөлүнүп иш алып барып жаткандыгына байланыштуу кошумча 1 (бир) иш-кагаздарын жүргүзүүчү адис, жалпысы болуп 18 (он сегиз) штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

2.  Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

 

 

К.К.Анарбеков