Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы №139
“Ош шаарындагы пенсионерлерди, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында бир жолку берилүүчү материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарындагы пенсионерлерди, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында бир жолку берилүүчү материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун долбоору боюнча Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 15-майындагы №10 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаарындагы пенсионерлерди, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында бир жолку берилүүчү материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы №110 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (Б.Баетов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |
Ош шаардык Кеңешинин
2023-жылдын 30-майындагы
№139 токтомуна
тиркеме
Ош шаарындагы пенсионерлерди, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдү социалдык жактан колдоо максатында бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жѳнүндѳ
ЖОБО
1. Жалпы жобо.
2. Бир жолку материалдык жардамды алуу үчүн кайрылуунун тартиби.
3. Бир жолку материалдык жардамды алууга укугу бар жарандар.
4. Бир жолку материалдык жардамды алуу үчүн зарыл болгон документтер.
5. Бир жолку материалдык жардамды алууга укугу жок жарандар.
6. Бир жолку материалдык жардамдын ѳлчѳмүн дайындоо жана тѳлѳѳ тартиби.
1.Жалпы жобо
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Бюджеттик кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жѳнүндѳ”, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Бул Жобо Ош шаарынын аймагында жашап, туруктуу каттоодо турган социалдык колдоого муктаж пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана оорулуу адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳргѳ материалдык жардам кѳрсѳтүүнүн тартибин аныктайт.
1.3. Ош шаарында туруктуу каттоосу бар социалдык колдоого муктаж пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана оорулуу адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳргѳ көрсөтүлүүчү материалдык жардам жылына бир жолу Ош шаарынын мэриясы аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.
1.4. Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын сунушуна ылайык, белгиленген тартипте бул жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
2. Бир жолку материалдык жардамды алуу үчүн кайрылуунун тартиби
2.1. Ош шаарында туруктуу каттоосу бар жаран муктаждыгына жараша жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылына бир жолу материалдык жардам алуу укугуна ээ.
2.2. Бир жолку материалдык жардам алуу үчүн Ош шаарында туруктуу каттоосу бар жаран Ош шаардык Кеңешине жана Ош шаарынын мэриясына ѳз арызы (ушул жободо белгиленген тиешелүү документтерин тиркөө зарыл) менен кайрылат.
2.3. Ош шаардык Кеңешине жана Ош шаарынын мэриясына ѳз арызы менен кайрылган жаранга муниципалдык аймактык башкармалыктын тѳрагасынын же орун басарынын, кварталдык комитеттердин мүчѳлѳрүнүн жана Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда турак жай тиричилик шарттарына изилдѳѳ актысы толтурулат. Толтурган изилдѳѳ актысынын негизинде Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан арыз менен кайрылган жарандын материалдык жардамга муктаждыгы жөнүндө сунуш кат берилет.
3. Бир жолку материалдык жардамды алууга укугу бар жарандар
3.1. Бир жолку материалдык жардамды төмөндөгүлөр алууга болот:
- пенсиясынын ѳлчѳмү 7000 (жети миң) сомдон ашпаган жалгыз бой, кароосу жок, материалдык жардамга муктаж пенсионерлер (ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан, пенсионерлеринен сырткары);
- бир үй-бүлѳдѳ эки же андан ашык 1, 2 же 3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар (кирешеси жан башына бөлүнгөндө эң тѳмѳнкү кепилденген кирешеден ашпаса);
- жардамга ѳтѳ муктаж болгон (16 жашка чейинки 3 балалуу) аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр (эгерде үй бүлѳнүн жалпы кирешеси кепилденген эң тѳмѳнкү кирешеден ашпаган болсо);
- багуучусунан ажыраган ѳспүрүм балдар, жарым жана томолой жетим балдар (пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон кезде кайрылган көзөмөлчүсүнүн кирешеси жан башына бөлүнгөндө эң тѳмѳнкү кепилденген кирешеден ашпаса);
- оорусуна байланыштуу (онкологиялык, бөйрөктүн гемодиализ алууга муктаждыгы бар өнөкөт оорусуна жана башка ооруларга кабылган) дарыланууга муктаж болгон жарандар;
- күтүлбѳгѳн кырсыкка кабылган жарандар (автокырсыктан улам жабыркаган, турак жайы ѳрт кырсыгына жана башка табигый кырсыктарга кабылган жарандар);
- материалдык жардамга өтө муктаж аз камсыз болгон үй-бүлө (эгерде үй-бүлөдө жумушка жарамдуу адамдар болбосо);
- үч эм, төрт эм тѳрѳлгѳн үй-бүлѳлѳргѳ, эгерде мындай үй-бүлѳлѳр ымыркайлар тѳрѳлгѳндѳн кийин 6 айлык мѳѳнѳттѳн кечикпей кайрылган болсо.
4. Бир жолку материалдык жардамды алуу үчүн зарыл болгон документтер
4.1. Пенсиянын ѳлчѳмү 7000 (жети миң) сомдон ашпаган жалгыз бой, кароосу жок, материалдык жардамга муктаж пенсионерлер (ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан, пенсионерлеринен сырткары) кайрылган учурда талап кылынуучу документтердин тизмеги:
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу жана үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат (Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу алынат);
- муниципалдык аймактык башкармалыктын тѳрагасы, же орун басары тарабынан бекитилген жана башкармалыктын мѳѳрү басылган, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкеринин, кварталдык комитеттердин мүчѳлѳрүнүн катышуусунда арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына түзүлгөн изилдѳѳ актысы;
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын материалдык жардамга муктаж деген корутундусу.
4.2. Бир үй-бүлѳдѳ эки же андан ашык 1, 2, же 3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар бар кирешеси жан башына бөлүнгөндө эң тѳмѳнкү кепилденген кирешеден ашпаган жарандар кайрылган учурда талап кылынуучу документтердин тизмеги:
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу жана үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат (Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу алынат);
- муниципалдык аймактык башкармалыктын тѳрагасы, же орун басары тарабынан бекитилген жана башкармалыктын мѳѳрү басылган, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкеринин, кварталдык комитеттердин мүчѳлѳрүнүн катышуусунда арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына түзүлгөн изилдѳѳ актысы;
- майыптык күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- үй-бүлѳнүн жыйынды кирешелери жѳнүндѳ маалымат;
- жумушсуздук боюнча аныктама (эгерде жумушка жарамдуу адам болсо);
- коммуналдык төлөмдөрдөн карызы бар деген тастыктама (коммуналдык төлөмдөр үчүн жеңилдик алган жарандардан сырткары), (эгерде коммуналдык төлөмдөр үчүн материалдык жардам сураса);
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын материалдык жардамга муктаж деген корутундусу
4.3. Жардамга ѳтѳ муктаж болгон (16 жашка чейинки 3 балалуу) аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр (эгерде үй-бүлѳнүн жалпы кирешеси кепилденген эң тѳмѳнкү кирешеден ашпаган болсо) кайрылган учурда талап кылынуучу документтердин тизмеги:
- өздүгүн тактыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорт);
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу жана үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат (Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу алынат);
- муниципалдык аймактык башкармалыктын тѳрагасы, же орун басары тарабынан бекитилген жана башкармалыктын мѳѳрү басылган, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкеринин, кварталдык комитеттердин мүчѳлѳрүнүн катышуусунда арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына түзүлгөн изилдѳѳ актысы;
- коммуналдык төлөмдөрдү төлөй албаганда, коммуналдык төлөмдөрдөн карызы бар деген тастыктама (коммуналдык төлөмдөр үчүн жеңилдик алган жарандардан сырткары), (эгерде коммуналдык төлөмдөр үчүн материалдык жардам сураса).
- жумушсуздук боюнча аныктама (эгерде жумушка жарамдуу адам болсо);
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын материалдык жардамга муктаж деген корутундусу.
4.4. Багуучусунан ажыраган ѳспүрүм балдар, жарым жана томолой жетим балдар (пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон кезде кайрылган көзөмөлчүсүнүн кирешеси жан башына бөлүнгөндө эң тѳмѳнкү кепилденген кирешеден ашпаса) кайрылган учурда талап кылынуучу документтердин тизмеги:
- өздүгүн тактыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорт);
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу жана үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат (Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу алынат);
- муниципалдык аймактык башкармалыктын тѳрагасы, же орун басары тарабынан бекитилген жана башкармалыктын мѳѳрү басылган, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкеринин, кварталдык комитеттердин мүчѳлѳрүнүн катышуусунда арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына түзүлгөн изилдѳѳ актысы;
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын материалдык жардамга муктаж деген корутундусу.
4.5. Оорусуна байланыштуу (онкологиялык ооруларга кабылган, гемодиализге ж.б.у.с.) муктаж болгон жарандар кайрылган учурда талап кылынуучу документтердин тизмеги:
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу жана үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат (Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу алынат);
- медициналык корутундулар (документтеринин датасы кайрылган күнгө карата жаңы болуусу шарт)
- муниципалдык аймактык башкармалыктын тѳрагасы, же орун басары тарабынан бекитилген жана башкармалыктын мѳѳрү басылган, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкеринин, кварталдык комитеттердин мүчѳлѳрүнүн катышуусунда арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына түзүлгөн изилдѳѳ актысы;
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын материалдык жардамга муктаж деген корутундусу.
4.6. Күтүлбѳгѳн кырсыкка кабылган жарандар (автокырсыктан улам жабыркаган, турак жайы ѳрт кырсыгына кабылган жарандар жана башка ушул сыяктуу) кайрылган учурда талап кылынуучу документтердин тизмеги:
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу маалым кат (Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу алынат);
- тийиштүү кызматтардын корутундусу, тактамалары;
- муниципалдык аймактык башкармалыктын тѳрагасы, же орун басары тарабынан бекитилген жана башкармалыктын мѳѳрү басылган, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкеринин, кварталдык комитеттердин мүчѳлѳрүнүн катышуусунда арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына түзүлгөн изилдѳѳ актысы;
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын материалдык жардамга муктаж деген корутундусу.
4.7. Материалдык жардамга өтө муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөлөр (эгерде үй-бүлөдө жумушка жарамдуу адамдар болбосо) кайрылган учурда талап кылынуучу документтердин тизмеги:
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу жана үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат (Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу алынат);
- муниципалдык аймактык башкармалыктын тѳрагасы, же орун басары тарабынан бекитилген жана башкармалыктын мѳѳрү басылган, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкеринин, кварталдык комитеттердин мүчѳлѳрүнүн катышуусунда арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына түзүлгөн изилдѳѳ актысы;
-коммуналдык төлөмдөрдү төлөй албаганда, коммуналдык төлөмдөрдөн карызы бар деген тастыктама (коммуналдык төлөмдөр үчүн жеңилдик алган жарандардан сырткары), (эгерде коммуналдык төлөмдөр үчүн материалдык жардам сураса).
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын материалдык жардамга муктаж деген корутундусу.
4.8. Үч эм, төрт эм тѳрѳлгѳн үй бүлѳлѳр кайрылган учурда талап кылынуучу документтердин тизмеги:
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу маалым кат (Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу алынат);
- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
5. Бир жолку материалдык жардамды алууга укугу жок жарандар
5.1. Төмөндөгүлөргө бир жолку материалдык жардам берилбейт:
- Ош шаарында туруктуу каттоосу жок жарандар;
- турмуш шарты жакшы, канааттандырарлык деп аныкталган жарандар;
- аталган Жобонун 4-пунктуна ылайык муктаж экендигин тастыктоочу документтери жок жарандар;
- бир жолку материалдык жардам алуу үчүн кайрылган жарандын бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү жумушка жарамдуу болсо ( материалдык жардам ала албайт);
- арыз ээсинин үй-бүлөсүнүн жалпы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден көп болсо;
- Ош шаарынын мэринин стипендиясына көрсөтүлсө;
5.2 Бир үйдө жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөөсү гана материалдык жардам алууга укуктуу (калган мүчөлөрүнө жыл ичинде материалдык жардам берилбейт).
6. Бир жолку материалдык жардамдын ѳлчѳмүн
дайындоо жана тѳлѳѳ тартиби
6.1. Бир жолку материалдык жардам Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде 50 (элүү) эсептешүү кѳрсѳткүчүнүн ѳлчѳмүнѳ чейин, эгерде курч муктаж деп аныкталса 100 (жүз) эсептешүү кѳрсѳткүчүнүн ѳлчѳмүнѳ чейин берилет.
6.2. ϴзгѳчѳ кырдаал (табигый кырсыктар ж.б), жарандын материалдык жардамга курч муктаж (тез аранын ичинде жасалуучу операцияга, башка мамлекетте дарыланууга ж.б.) мезгилинде бир жолку материалдык жардамдын кошумча түрлѳрү жана ѳлчѳмү Ош шаарынын мэри тарабынан белгиленет.
6.3 Материалдык жардам көрсөтүү боюнча сунуш Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү бөлүмү тарабынан сунушталат жана жетекчилик менен макулдашылат.
6.4 Үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө (Ош шаарында туруктуу каттоосу бар) бир жолу 50000 (элүү миң), төрт эм тѳрѳлгѳн үй-бүлѳлѳргѳ 100000 (бир жүз миң) сом ѳлчѳмүндѳ материалдык жардам белгиленет.
6.5 Материалдык жардам накталай эмес жарандын жеке эсебине которуу жолу менен төлөнүп берилет.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Абдыраимов |