Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/49
Жердин категориясын которуу жөнүндө
Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылынын Советская көчөсүндөгү №1283 контурунун аянты 0,70 га жер участогун которуу (трансформациялоо) маселесин кароо, анын ичинен 4810,6 кв.м. жайыт жерлери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына бала бакчаны жайгаштыруу жана куруу үчүн, 2022-жылдын 29-декабрындагы жер, агрардык жана өнөр жай маселелери, кыймылсыз мүлк жана транспорт укугу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү жана башка жер маселелери боюнча жер комиссиянын 2022-жылдын 29-декабрындагы чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Крупская атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-декабрындагы №01-4/36 токтому жокко чыгарылсын.
2. Совет көчөсүндө жайгашкан №1283 контурунан аянты 0,70 га, анын ичинен 4810,6кв.м. жайыт жерлеринин “Айыл чарба багытындагы жерлердин” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына бала бакчаны жайгаштыруу жана куруу үчүн жер багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
4. Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын токтому чыккандан кийин муниципалдык менчиктин балансына чегерилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жер, суу, агрардык реформалар, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Апакаевге жана Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |