Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы №140
Туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасын бекитүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.7. беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын аталган комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндөгү 2023-жылдын 17-майындагы №1 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Колдошев Бекболот Келдибекович Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисине (И.Абдыраимов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |