Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

  Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз

XII-сессиясынын

 

  2025-жылдын 09-сентябр  №7

 

Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылындагы №12 Капарбек мектебинин жаңыдан 500 орундуу типтүү мектепти, мектептин алдында жайгашкан стадионго курдуруу үчүн макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин 18.07.2025-жылдын чыгыш №10-3/1989 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

                                                                            

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.       Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылындагы №12 Капарбек мектебинин жаңыдан 500 орундуу типтүү мектепти, мектептин алдында жайгашкан стадионго курдуруу үчүн макулдук берилсин.

2.    Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

 

К.К.Анарбеков