Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы №141
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 23-майындагы №54 токтомуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.3. жана 8.10. пункттарынын негизинде, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан “Ата-Журт – Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Абдыкадырова Ракия Кимсанбаевна чыгарылып, анын ордуна депутаттык мандат алган, ушул эле фракциянын мүчөсү Атабекова Айгулья Гуламидиновна киргизилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |