Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

  Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз

XII-сессиясынын

 

  2025-жылдын 09-сентябр  №8

 

Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам жана Жети-Кошкон айылдарынын башкы пландарын алымча кошумчасы менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-,45-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинин шаар куруу жана архитектура департаментинин 2025-жылдын 11-августундагы чыгыш № 01-4/3907 сандуу катына, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары М.Ө.Мурзаевдин 11.08.2025-жылдын чыгыш №01-28/2243 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам жана Жети-Кошкон айылдарынын башкы пландарын алымча-кошумчасы менен кабыл алууга макулдук берилсин.

2.    Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага

 

 

К.К.Анарбеков