Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июлу № 426
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөө маселелерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 13-пунктта:
алтынчы абзацта "(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн)" деген сөздөр алып салынсын;
жетинчи абзацта "нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Берилген документтердин аныктыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликти документтерди берген талапкер тартат.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кызматка алгачкы жолу алынган 35 жаштан ашкан адамдар дайындалуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
- 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Төраганын кеңешчисинин кызмат орду.";
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Конкурстук тандоосуз кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10. Министрдин кеңешчисинин, жардамчысынын кызмат орду.";
- 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Төраганын кеңешчисинин кызмат орду.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |