Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/45
1-Май айылында жайгашкан мал базардын Жобосун жана прейскурантта баасын бекитүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Н.Бербаевдин 1-Май айылында жаңы салынып, аяктоо этабына жетип калган мал базардын ишмердүүлүгүн жана иштөө тартибин андан ары жүргүзүү максатында мал базардын Жобосун жана прейскуранттагы баасын бекитүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын 1-Май айылындагы муниципалдык мал базардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдөгү иш тартибинин Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Сары-Өзөн айыл аймагынын 1-Май айылындагы муниципалдык мал базардын Таза-Айыл муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтары үчүн прейскуранттагы баасы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы
Т.Э.Бектемировго жана “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Н.Бербаевге милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |