Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-июну № 142
“Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун долбоору боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары Н.Кадыровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 8-июнундагы №11 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.“Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө” Жобо күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарында жаряылансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Баетов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20 - июнундагы № 142 токтомуна тиркеме |
Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жѳнүндѳ ЖОБО
1. Жалпы жобо
2. Социалдык колдоонун түрлөрү
3. Социалдык колдоо алууга укугу бар жарандар жана колдоолорду көрсөтүүнүн тартиби
4. Социалдык колдоону алуу үчүн зарыл болгон документтер
5. Социалдык колдоону дайындоо жана тѳлѳѳ (ыйгаруу) тартиби
1. Жалпы жобо
1.1 Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Бюджеттик кодексине, “Балдар жөнүндө” Кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “Ош шаарынын статусу жѳнүндѳ”, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 192 “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөк пулду эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө”, 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөк пулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдоруна ылайык иштелип чыккан.
1.2 Жобо Ош шаарынын аймагында жашап, туруктуу каттоодо турган социалдык колдоого муктаж пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, томолой жана жарым жетим балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳргѳ көрсөтүлүүчү социалдык колдоолордун түрлөрүн жана аларды аныктоонун тартибин аныктайт.
1.3 Ош шаарында туруктуу каттоосу бар социалдык колдоого муктаж пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, томолой жана жарым жетим балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳргѳ көрсөтүлүүчү социалдык колдоо Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
1.4 Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын сунушуна ылайык белгиленген тартипте бул жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
2. Социалдык колдоонун түрлөрү
2. Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөндөгү социалдык колдоонун түрлөрү көрсөтүлөт:
- Ош шаарынын мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясы (10 дон 30 га чейинки эсептик кѳрсѳткүч ѳлчѳмүндѳ);
- расымдык кызмат көрсөтүүнү компенсациялоо (сөөк коюуга) үчүн төлөнүп берилүүчү жөлөк пул;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды, балдарды көп функционалдуу коляска менен камсыздоо;
- санаториялык-курорттук дарылануу үчүн жолдомо алган I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаторийге барып келүү жол акысынын чыгымдарын компенсациялоо;
- 2 жашка чейинки балдарды акысыз сүт азыктары менен камсыздоо;
- кымбат баалуу эмес металлдардан тиш протезин койдуруу үчүн 20 дан 50 гө чейинки эсептик кѳрсѳткүч ѳлчѳмүндѳ социалдык жардам.
3. Социалдык колдоону алууга укугу бар жарандар жана колдоолорду көрсөтүүнүн тартиби
3.1 Ош шаарынын мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясын төмөндөгүлөр алууга укуктуу:
- окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткан томолой жетим балдар (атайын орто жана жогорку окуу жайлардын баланын окугандыгы тууралуу маалым катынын, ата-энесинин каза болгондугу жѳнүндѳ күбѳлүктүн, камкорчулук туурасындагы чечимдин негизинде);
- аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр (социалдык паспорттун жана муктаждык деӊгээлин тастыктоочу Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын корутундусунун негизинде);
- пенсиянын ѳлчѳмү орточо пенсиянын өлчөмүнөн ашпаган жалгыз бой пенсионерлер жана ишке жарамдуу эмес үй-бүлө мүчөсү бар пенсионерлер (муктаждык деӊгээлин тастыктоочу корутундунун негизинде);
- үй-бүлөдө бир же андан ашык I, II же III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү үй-бүлө мүчөсү болгон учурда (майыптыгы боюнча күбөлүктөрүнүн жана бир үй-бүлөнүн курамында экендигин тастыктаган маалым каттын негизинде);
- майыптыгынын себебине карабастан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдар (ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан сырткары) (муктаждык деӊгээлин тастыктоочу Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын корутундусунун негизинде).
3.1.1 Ош шаарынын мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясын алуучулардын тизмеси ушул жобонун 3.1-пунктунда белгиленген категориядагы жарандардан Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык, айылдык башкармалыктары менен биргеликте түзүлөт жана Ош шаарынын мэриясынын чечими менен бекитилет.
3.2 Расымдык кызмат көрсөтүүнү компенсациялоо (сөөк коюуга) жөлөк пулу төмөндөгүлөргө төлөнүп берилет:
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары каза болгон учурда;
- орточо айлык эмгек акынын 50 пайыз өлчөмүндө - социалдык жөлөк пул алуучу каза болгон учурда;
- бир айлык орточо эмгек акынын 20 пайыз өлчөмүндө - социалдык жөлөк пул алуучунун багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү, жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда.
3.2.1 Расымдык кызмат көрсөтүүнү компенсациялоо (сөөк коюуга) жөлөк пулу Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан иш жүзүндө такталган документтердин негизинде (эгерде 6 айлык мѳѳнѳттѳн кечикпей кайрылган болсо) жүргүзүлөт.
3.3 Көп функционалдуу коляска I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы кезектүүлүккө ылайык берилет.
3.4 Санаториялык-курорттук дарылануу үчүн жолдомо алган I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаторийге барып-келүү жол акысынын чыгымдарын компенсациялоо Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын коштомо катынын, жолдомо ээсинин санаторийге барып-келүү үчүн жол акысына сарпталган чыгымдарды тастыктоочу документтеринин негизинде берилет.
3.5 Сүт азыктарын акысыз алууга калктын аярлуу катмарынын төмөндөгү категориялары укуктуу:
- көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары;
- томолой жана жарым жетим балдар;
- эрте кошумча тамактандырууга жана жасалма тамактандырууга муктаж болгон балдар;
- АИВ, кургак учук жана башка жугуштуу оорулар менен ооруган ата-энелердин балдары.
3.5.1 Сүт азыктары менен акысыз камсыз болуучу 2 жашка чейинки курактагы балдардын тизмеси Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан ай сайын жаңыланып түзүлөт жана “Oш шаардык балдардын сүт ашканасы” муниципалдык ишканасына тапшырылат.
3.5.2 Калктын аярлуу катмарына (ушул жобонун 3.5 пунктунда көрсөтүлгөн категориялары) тиешелүү 2 жашка чейинки курактагы балдарды сүт азыктары менен акысыз камсыз кылуу “Oш шаардык балдардын сүт ашканасы” муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашырылат.
3.6 Тиш протезин койдуруу үчүн социалдык жардамды төмөндөгүлөр алууга укуктуу:
- пенсиянын ѳлчѳмү орточо пенсиянын өлчөмүнөн ашпаган пенсионерлер (муктаждык деӊгээлин тастыктоочу корутундунун негизинде);
- пенсиялык камсыз кылууга укугу жок социалдык жөлөк пул алуучулар (муктаждык деӊгээлин тастыктоочу корутундунун негизинде);
- майыптыгынын себебине карабастан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдар (ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан сырткары) (муктаждык деӊгээлин тастыктоочу Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын корутундусунун негизинде).
4. Социалдык колдоолорду алуу үчүн зарыл болгон документтер
4.1 Ош шаарынын мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясын алуу үчүн тапшырылуучу документтердин тизмеги:
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу жана үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат (Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Түндүк” тиркемеси аркылуу алынат);
- окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткан томолой жетим балдар үчүн атайын орто жана жогорку окуу жайлардын баланын окугандыгы тууралуу маалым каты жана ата-энесинин каза болгондугу жѳнүндѳ күбѳлүктүн, камкорчулук туурасындагы чечимдин көчүрмөлөрү;
- пенсионерлер үчүн социалдык фондунун пенсиянын өлчөмү тууралуу маалым каты;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдар үчүн майыптуулугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын материалдык жардамга муктаж деген корутундусу.
4.2 Расымдык кызмат көрсөтүүнү компенсациялоо (сөөк коюуга) боюнча төлөнүп берилүүчү жөлөк пул алуу үчүн тапшырылуучу документтердин тизмеги:
- сөөк коюуга жөлөк пул төлөө жөнүндө арыз;
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- жарандык абалды мамлекеттик каттоо актылары (ЖААК) органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- юридикалык жактан тууганы болуп эсептелбеген учурда арыз берүүчү жарандын каза болгон жаранды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн өткөнгөндүгүн тастыктаган жеринде түзүлгөн акты;
- муниципиалдык аймактык башкармалыктын (башчы, же орун басары тарабынан бекитилген жана башкармалыктын мѳѳрү басылган) арыз берүүчү жарандын каза болгон жаранды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн өткөргөндүгүн тастыктоочу маалым каты;
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын расымдык кызмат көрсөтүүнү компенсациялоо үчүн акча каражатын төлөп берүү тууралуу корутундусу.
4.3 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, балдарга көп функционалдуу коляска алуу үчүн тапшырылуучу документтердин тизмеги:
- коляска алууга муктаждыгы тууралуу арыз;
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу маалым кат;
- үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат;
- муниципиалдык аймактык башкармалыктын тѳрагасы же орун басары тарабынан бекитилген жана башкармалыктын мѳѳрү басылган, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкеринин, кварталдык комитеттердин мүчѳлѳрүнүн катышуусунда арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына түзүлгөн изилдѳѳ актысы;
- майыптык күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
4.4 Санаториялык-курорттук дарылануу үчүн жолдомо алган I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаторийге барып-келүү жол акысынын чыгымдарына акчалай компенсация алуу үчүн тапшырылуучу документтердин тизмеги:
- компенсация алуу тууралуу арыз;
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу маалым кат;
- үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат;
- майыптык күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- жолдомонун көчүрмөсү;
- транспорт чыгымдарынын төлөнгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция).
4.5 Акысыз сүт азыктарын алуу үчүн тапшырылуучу документтердин тизмеги:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат;
- Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун тиешелүү филиалынын үй-бүлөлүк дарыгеринин корутундусу;
- Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун жалпы тизмеси.
4.6 Тиш протезин койдуруу үчүн социалдык жардамга тапшырылуучу документтердин тизмеги:
- тиш протезин койдуруу үчүн арыз;
- өздүгүн тактыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Ош шаарында туруктуу каттоодо тургандыгы тууралуу маалым кат;
- үй-бүлѳлүк курамы боюнча маалым кат;
- пенсионерлер үчүн социалдык фондунун пенсиянын өлчөмү тууралуу маалым каты;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдар үчүн майыптуулугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын тиш протезин койдуруу үчүн социалдык жардамга акча каражатын төлөп берүү тууралуу корутундусу.
5. Социалдык колдоону дайындоо жана тѳлѳѳ (ыйгаруу) тартиби
5.1 Ош шаарынын мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясы Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде Ош шаарынын мэриясы аркылуу накталай эмес жарандын жеке эсебине которуу жолу менен төлөнүп берилет. Стипендиянын өлчөмү инфляцияга жана жашоо минимумуна жараша өзгөрүшү мүмкүн жана Ош шаардык Кеңешинин токтому менен бекитилет.
5.2 Расымдык кызмат көрсөтүүнү компенсациялоо (сөөк коюуга) үчүн төлөнүп берилүүчү жөлөк пул тиешелүү документтер тапшырылгандан кийин накталай эмес жарандын жеке эсебине которуу жолу менен төлөнүп берилет.
5.3 Көп функционалдуу коляска Ош шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык сатылып алынат жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамга бир жолу берилет. Колясканын максаттуу колдонулушуна (жаран тарабынан үчүнчү жакка берилип кетпөөсүн камсыздоо) башкармалык тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт.
5.4 Санаториялык-курорттук дарылануу үчүн жолдомо алган I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга санаторийге барып-келүү жол акысынын чыгымдарын компенсациялоо Ош шаарынын мэриясына тиешелүү документтер тапшырылгандан кийин накталай эмес жарандын жеке эсебине которуу жолу менен төлөнүп берилет.
5.5 Балдарды (2 жашка чейинки курактагы) акысыз сүт азыктары менен камсыздоо натуралдык түрдө жүргүзүлөт жана сүт азыктарынын орду акчалай компенсациялоо аркылуу толтурулбайт.
5.6 Тиш протезин койдуруу үчүн социалдык жардамды ишке ашыруу Ош шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык (тиш протезин койдуруучунун наряддары жана салыштыруу актыларынынын негизинде) накталай эмес эсептешүү жолу менен келишим түзгѳн стоматологиялык поликлиникалар менен жүргүзүлѳт.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
|
И.Э.Абдыраимов |