Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/43
Сары-Өзөн айыл аймагынын социалдык объектилери үчүн
таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Н.Бербаевдин Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча социалдык объектилери үчүн (мектепке чейинки мекемелерге, жалпы билим берүү мекемелерине, ФАПтарга, айылдык клубдарга) таза суу боюнча тарифин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча социалдык объектилердин таза суу боюнча төлөөчү тарифи (ай сайын) төмөндөгүдөй бекитилсин:
- мектепке чейинки мекемелер (бала бакчалар) – 5000сом;
- жалпы билим берүү мекемелери – 7000 сом;
- ФАПтар – 1000 сом;
- айылдык клубдар – 1000 сом.
2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы
Т.Э.Бектемировго жана “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Н.Бербаевге милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |