Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/42
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директорунун кайрылуу катынын негизинде, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жана “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Н.Бербаевге милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |