Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/41
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборунун” Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборунун” директорунун 2024-жылдын 25-июлундагы №20 кайрылуу катынын негизинде, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборунун” Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл окмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жана “Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборунун директору Э.Смамбековага милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |