Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/40
Жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл аймагынын Төш-Булак айылынын Советская көчөсү №148 дарегиндеги аянты 0,195 кв.м “Айыл өкмөтүнүн алдындагы жер тилкесинен” “Кулданов атындагы жалпы орто билим берүү мекемесинин жер тилкесине” өзгөртүү жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган корутундулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А.Алымбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Төш-Булак айылындагы Советская көчөсү №148 дарегинин аянты 0,195кв.м жер тилкесинин максаттык багытын “Айыл өкмөтүнүн алдындагы жер тилкесинен” “Кулданов атындагы жалпы орто билим берүү мекемесинин жер тилкесине” өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |