Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-июну № 143
Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин, “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын башчысы Н.Исмаиловдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнундагы №17 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн төлөмдөр жогорулатылып, тиркемеге ылайык бекитилсин (1, 2 тиркемелер тиркелет).
2. Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн төлөмдөр 2023-жылдын 1-июлунан баштап жаңы тариф менен жүргүзүлсүн.
3. Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июндагы №112, 2015-жылдын 12-февралындагы №253 жана 2016-жылдын 26-декабрындагы №56 “Калк, мекемелер, уюмдар жана комерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
4. “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) таштанды таштоочу жай “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкандыгына байланыштуу жашоочуларга тийгизген зыяндуулугун аныктап, таштанды үчүн төлөнүүчү акыны женилдетүү жагы каралсын.
5. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |
| С.С.Назылбеков |
Ош шаардык Кеңешинин
2023-жылдын 20-июнундагы
№143 токтомуна №1 тиркеме
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызматына болгон баалардын (тарифтердин)
Прейскуранты
№ | Кызмат көрсөтүүнүн түрү | Өлчөө бирдиги | Баасы, сом |
|
| ||||
1. | Көп кабаттуу үйлөр | 1 кишиге, бир айга | 35,0 | |
2. | Жеке менчик үйлөр | 1 кишиге, бир айга | 40,0 | |
3. | Катуу тиричилик калдыктарын чарба субьектилери үчүн ташып чыгаруу (хронометраждын негизинде) | 1 м3 | 550,0 | |
4. | Катуу тиричилик калдыктарын чарба субьектилери өздөрү ташып чыгарганда | 1 м3 | 300,0 | |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Э. Абдыраимов |
Ош шаардык Кеңешинин
2023-жылдын 20-июнундагы
№143 токтомуна №2 тиркеме
| Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн түзүлгөн эсептөөлөрдүн өлчөмү жана баасы | |||
№ | Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруучу жайлар | өлчөө бирдиги | бир айга, сом | бир жылга, сом |
1 | Коомдук тамактануучу мекемелер (ресторан, кафе, бар, ашкана ж.б.) | бир адам отуруучу орунга | 124 | 1488 |
2 | Навайкана жана самсаканалар | бир тандырга | 605 | 7260 |
| Навайкана жана самсаканалар | бир жумушчуга | 124 | 1488 |
3 | Керек-жарак, үй-тиричилик буюмдарын сатуучу соода борборлор,чоң ж.б. майда дүкөндөр | 1м2 аянтка | 32 | 384 |
4 | Азык-түлуктөрдү сатуучу соода борборлору, чоң ж.б. майда дүкөндөр | 1м2 аянтка | 29 | 348 |
5 | Базарлар | 1м2 аянтка | 23 | 276 |
6 | Сактоочу жайлар (склад ж.б.) | 1м2 аянтка | 23 | 276 |
7 | Автовокзалдар, темир жол вокзалы жана аэропорт | 1м2 аянтка | 31 | 372 |
8 | Автоунаалар токтоочу жайлар | 1 авто ордуна | 58 | 696 |
9 | Автоунааларды оңдоочу жана жуучу жайлар | 1м2 аянтка | 124 | 1488 |
11 | Заводдор жана фабрикалар | адамдын санына | 26 | 312 |
| Заводдор жана фабрикалар | 1м2 аянтка | 29 | 348 |
12 | Ооруканалар | жатуучу орунга | 29 | 348 |
13 | Поликлиникалар, жана китепканалар,менчик УЗИ, мед.борборлор | 1м2 аянтка | 27 | 324 |
14 | Мейманканалар жана эс алуу борборлору | бир орунга | 50 | 600 |
15 | Жатаканалар (общежития) | бир орунга | 29 | 348 |
16 | Санаториялар жана эс алуучу жайлар | бир орунга | 38 | 456 |
17 | Балдар бакчалары (мамлекеттик) | бир орунга | 18 | 216 |
18 | Балдар бакчалары (жеке менчик) | бир орунга | 18 | 216 |
19 | Мектептер | бир окуучуга | 14 | 168 |
20 | Мектеп-интернаттары | бир окуучуга | 15 | 180 |
21 | Атайын окуу жайлары (училища) | бир окуучуга | 12 | 144 |
22 | Жогорку окуу жайлары жана технукумдар | бир студентке | 25 | 300 |
23 | Театрлар жана кинотеатрлар | бир орунга | 29 | 348 |
24 | Мекеме-ишканалар | бир кызматкерге | 87 | 1044 |
25 | Типографиялар | бир жумушчуга | 124 | 1488 |
26 | Тейлөө тармактары (чачтарач, тигүү жайлар, өтүк оңдоо,хим.тазалоо, сүрөт тартуучу ж.б. Жайлар | 1м2 аянтка | 82 | 984 |
| Тейлөө тармактары (чачтарач, тигүү жайлар, өтүк оңдоо,хим.тазалоо, сүрөт тартуучу ж.б. Жайлар | бир жумушчуга | 124 | 1488 |
27 | Мончолор, сауналар жана ажатканалар | бир орунга | 107 | 1284 |
28 | Интернет, букмекер клубдар | бир орунга | 107 | 1284 |
29 | Машыгуу залдары, футзалдары, фитнес клубдар, бассейндер | бир орунга | 107 | 1284 |
30 | Авиа кассалары | бир жумушчуга | 124 | 1488 |
| Авиа кассалары | 1 м2 аянтка | 82 | 984 |
31 | Бильярд клубдары | бир ойноочу столго | 255 | 3060 |
| Бильярд клубдары | бир кызматкерге | 124 | 1488 |
32 | Ийне сайуучу жайлар (процедурный) | 1м2 аянтка | 86 | 1032 |
33 | Ажатканалар | 1м2 аянтка | 124 | 1488 |
34 | Лабороториялар | 1м2 аянтка | 91 | 1092 |
35 | Стоматологиялар | 1м2 аянтка | 86 | 1032 |
36 | Дарыканалар | 1м2 аянтка | 86 | 1032 |
37 | Эстелик жасоочу жайлар | 1м2 аянтка | 89 | 1068 |
38 | Курулуш куруучу компаниялар: (курулуш учурунда жолдорду булгаган учурда) | 100м2 жолду шыпырып жууганга, 1т.жүк жүктөөгө, айдоочулардын эмгек акысына, күйүүчү майга, сууга | 4560 | 54720 |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | И.Э. Абдыраимов |