Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-июну № 145
Муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн өздүк курамына жеңил типтеги конструкциядан имарат куруу үчүн 49 жылга ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген Ош шаарынын Краснофлотская көчөсүнүн №184 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1768,0 чарчы метр жер тилкесин ижара акысынан бошотуп берүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнундагы №13 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн өздүк курамына жеңил типтеги конструкциядан имарат салуу үчүн 49 жылга ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген Ош шаарынын Краснофлотская көчөсүнүн №184 дарегиндеги жалпы аянты 1768,0 чарчы метр жер тилкесинин 11773008 сом суммасындагы ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |