Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-июну № 146
Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123 “Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123 “Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнундагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123 “Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |