Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-сентябры № 599
“Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары,
экология жана техникалык көзөмөл министрлигине
караштуу Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркы”
мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп
берүү жөнүндө
Экономика тармактарын андан ары өнүктүрүү, контролдоо системасын күчөтүү, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекемесинин натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекемесин эмгек акы төлөөнүн колдонуудагы шарттарын сактоо менен негизги персоналдын 7 (жети) штаттык бирдиги жана техникалык жана тейлөөчү персоналдын 4 (төрт) штаттык бирдиги менен бирге, ошондой эле мүлктүк комплексти Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
– 14-пунктта “985”, “280”, “665”, “141” деген цифралар тиешелүү түрдө “978”, “276”, “658”, “137” деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекемесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
2) бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
4. Министрликтер жана ведомстволор ушул токтомдон келип чыгуучу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |