Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 462 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-октябры № 677
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пунктта:
биринчи абзацта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацта “Кыргызпатенттин” деген сөз “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жободо:
–1-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“уюштуруучу – Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (мындан ары – Министрлик);”;
алтынчы абзацта “Кыргызпатенттин алдындагы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 16, 17, 18, 24, 27-пункттарда “Кыргызпатенттин” деген сөз “Министрликтин” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 20-пункттун экинчи абзацында “Кыргызпатенттин” деген сөз “Министрликтин” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 22-пункттун экинчи абзацында “Кыргызпатенттин” деген сөз “Министрликтин” деген сөзгө алмаштырылсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 1-тиркемесинде:
жогорку оң бурчунда “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргызпатент)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 2-тиркемесинде:
жогорку оң бурчунда “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргызпатент)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;”;
бешинчи, алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары”;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар министринин орун басары;”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |