Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ММК фондунун бюджетинин долбоорун түзүүдө, кароодо, аны бекитүүдө жана аткарууда бюджеттик процесстин катышуучулары тарабынан аткарылуучу эрежелерди жана жол-жоболорду белгилейт.
2. Ушул Жобо бюджеттик мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу системасын каржылоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты.
3. ММК фондунун бюджети жыл сайын тиешелүү жылга бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү милдеттерди жана функцияларды финансылык камсыз кылууга арналган акча каражаттарынын консолидацияланган фондун камтыйт.
2-глава. Бюджеттик процесстин негиздери
4. Бюджеттин долбоору кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге ушул Жобонун ченемдерине ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык көрсөткүчтөрдү камтыйт.
5. ММК фондунун бюджетинин долбоорун түзүү төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарынын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы);
3) өткөн мезгилдеги бюджеттин аткарылышын талдоонун.
6. ММК фондунун бюджетин түзүү, бекитүү жана аткаруу бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн теңдөө принцибинин негизинде ишке ашырылат.
3-глава. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун мазмуну
7. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунда бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлери камтылат:
1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын башка бюджеттеринен алынуучу бюджеттер аралык трансферттердин жалпы көлөмүн кошуп алганда кирешелердин жалпы көлөмү;
2) чыгашалардын жалпы көлөмү;
3) кассалык жүгүртмө накталай акчанын өлчөмү.
8. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджет жөнүндө мыйзам долбоору мыйзам долбооруна карата түшүндүрмө катты жана төмөнкү тиркемелерди камтыйт:
1) кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин ресурстарын жана чыгашаларын (кирешелердин классификациясынын жана чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин коддору боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөр);
2) пландык мезгилге бюджеттин ресурстарын жана чыгашаларын (кирешелердин классификациясынын жана чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин коддору боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөр);
3) ведомстволук классификациялык коддор жана чыгашалардын экономикалык классификациясы боюнча кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин чыгашаларын;
4) беш белгинин деңгээлиндеги функционалдык классификациялык коддор жана чыгашалардын экономикалык классификациясы боюнча кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин чыгашаларын;
5) программалык негизде орто мөөнөттүү мезгилге ММК фондунун бюджетин;
6) кезектеги бюджеттик жылга Бирдиктүү төлөөчү системасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтарга төлөмдөрдү эсептөө үчүн колдонулуучу базалык ченемдерди.
9. Бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө катта бюджеттин бардык кирешелер жана чыгашалар беренелерин экономикалык негиздөө, программалык бюджет жана бюджетти аткаруудагы тобокелдиктерди талдоо тууралуу маалымат камтылат.
4-глава. Бюджеттин кирешелерин түзүү
10. ММК фондунун бюджетинин кирешелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) республикалык бюджеттен алынган ассигнованиелер:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары катары берилүүчү;
- саламаттык сактоодо максаттуу программаларды ишке ашырууга берилүүчү;
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камтылбаган юридикалык жана жеке жактардын (анын ичинде чет өлкөлүк) ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте өндүрүлгөн финансылык санкциялар;
5) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;
6) социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер.
11. Бардык түшкөн кирешелер алардын келип түшкөн булагына карабастан Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилет жана кийин бөлүштүрүү жана пайдалануу үчүн ММК фондунун администрациялануучу эсебинде топтолот.
12. Бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү жана аткаруу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык ишке ашырылат.
13. Республикалык бюджеттен кезектеги бюджеттик жылга ассигнованиелерди алууга бюджеттик өтүнмө (мындан ары - бюджеттик өтүнмө) баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарында каттоодо турган камсыздандырылган калктын санынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билдирилген республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелер боюнча алдын ала эсептелген контролдук цифралардын негизинде түзүлөт.
14. Кезектеги бюджеттик жылга баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарына катталган жана камсыздандырылган калктын саны боюнча көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлгөн бюджеттик өтүнмө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
15. Калктын социалдык аялуу категорияларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
16. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен ММК фондунун бюджетине берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшүүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн болжолдонгон түшүүлөрүнүн көлөмүндө каралат.
17. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камтылбаган адамдар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн төгүмдөрдү төлөшөт.
18. 31, 32-пункттарда каралган келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн каражаттар саламаттык сактоо уюмдарынан саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун натыйжалары боюнча ММК фондунун аймактык башкармалыктары тарабынан финансылык санкцияларды салуу жөнүндө дооматтардын жана кабарламалардын, ошондой эле бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон жана бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн булагы болгон көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтардын сапатына экспертиза жүргүзүүнүн негизинде өндүрүлөт.
19. Бюджеттин киреше бөлүгүндө эл аралык уюмдардан алынган, түзүлгөн эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда аныкталган максаттарга жана милдеттерге жетишүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн арналган гранттардын, демөөрчүлүк (финансылык) жардамдын каражаттарынын түшүүсү болжолдонууда.
20. Бюджеттин киреше бөлүгүндө түшүүсү жана пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер болжолдонот жана эсепке алынат.
5-глава. Чыгашаларды болжолдоо
21. ММК фондунун бюджетинин чыгашалары - бул милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ММК фондунун милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыздоого багытталган акча каражаттары.
22. Бюджеттин чыгашаларын болжолдоо жана эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык ишке ашырылат.
23. Чыгашаларды түзүү төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоо;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарды жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуунун кошумча программасын каржылоо;
3) ММК фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо;
4) ден соолукту чыңдоо жана алдын алуу боюнча саламаттык сактоону колдоо жана өнүктүрүү иш-чараларын жана саламаттык сактоо жаатындагы башка максаттуу программаларды каржылоо.
24. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо Мамлекеттик кепилдиктер программасын, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка максаттуу программаларды жана иш-чараларды аткаруу үчүн ММК фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
25. Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтар үчүн акы төлөө боюнча чыгашаларды каржылоо чыгашалардын экономикалык классификациясынын 2216-беренеси жана "Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгашалар" 22161100 элементи боюнча жүргүзүлөт.
26. Камсыздандырылган жарандарды жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын каржылоо бейтап тарабынан дарыкана уюмдарында сатып алынган дары каражаттарынын наркын жарым-жартылай төлөп берүү менен аныкталган дары каражаттарын рецепт боюнча берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
27. ММК фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу ММК фондунун бюджетинде ушул максаттарга каралган каражаттардын көлөмүндө ишке ашырылат.
28. ММК фондунун жана анын аймактык башкармалыктарын маалыматтык камсыздоого чыгашалар жана административдик чыгашалар боюнча сметаны түзүү жана аткаруу чыгашалардын экономикалык классификациясынын тийиштүү беренелери жана элементтери боюнча чыгашалардын түрлөрү боюнча ишке ашырылат.
29. Ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча саламаттык сактоону колдоо жана өнүктүрүү иш-чараларын жана башка максаттуу программаларды финансылык камсыз кылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн каражаттардын бекитилген көлөмүнүн 2 (эки) пайызынан ашпаган чегинде жүзөгө ашырылат.
30. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн каражаттардын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгүндө ММК фонду тарабынан камсыздандыруу запасы түрүндөгү финансылык каражаттар каралат (резервге коюлат).
31. Калкка медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо камсыздандырылган калкка медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.
32. Саламаттык сактоо уюмдары менен келишим ММК фондунун аймактык башкармалыктары тарабынан камсыздандырылган калкка көрсөтүлүүчү медициналык жана башка кызматтардын түрлөрүн жана көлөмдөрүн көрсөтүү менен бир жылга түзүлөт.
33. ММК фонду камсыздандырылган калкка медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө саламаттык сактоо уюмдары менен түзүлгөн келишимдердин реестрин жүргүзөт.
6-глава. Бюджеттин долбоорун берүүнүн, кароонун жана бекитүүнүн тартиби
34. ММК фондунун кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджетинин долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык түзүлөт жана кароого жана бекитүүгө киргизилет.
35. ММК фондунун бюджетин кароо жана бекитүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мыйзамдарда жана анын ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7-глава. Бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү
36. Учурдагы бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Министрлер Кабинети тарабынан жактырылат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.
37. Бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгондо ага тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.
8-глава. Бюджетти аткаруунун негиздери
38. ММК фондунун бюджетин аткаруу бекитилген бюджеттин чегинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жол-жоболоруна ылайык ишке ашырылат.
39. ММК фонду катталган камсыздандырылган калктын саны, камсыздандырылган адамдардын дарыланган учурлары жана камсыздандырылган калкка жазылган рецепттер боюнча берилген отчеттук маалыматтардын негизинде каржылоону ишке ашырат.
40. Учурдагы бюджеттик жылга бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө бюджетке жана каржылоонун ченемдерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет жана алар ММК фондунун буйругу менен бекитилет.
41. ММК фондунун бюджетин аткаруу боюнча операциялар учурдагы бюджеттик жылдын 31-декабрында аяктайт.
42. Учурдагы бюджеттик жылдын кабыл алынган бюджеттик милдеттенмелери боюнча операциялар аяктагандан кийин ММК фондунун административдик эсебиндеги каражаттардын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын бюджетинде кезектеги бюджеттик жылдын башындагы калдык катары эсепке алынат.
43. Тиешелүү бюджеттин кирешесине которулбаган бюджеттер аралык трансферттердин каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана жалпы талаптарды сактоо менен алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүп алынууга тийиш.
9-глава. Отчеттук жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү
44. Отчеттук жыл үчүн ММК фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко төмөнкүлөр кирет:
1) отчеттук жыл үчүн бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө отчет;
2) чыгашалардын ведомстволук классификациясынын жана экономикалык классификациясынын коддору боюнча отчеттук жыл үчүн бюджеттин чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө отчет;
3) беш белгинин деңгээлинде функционалдык классификациянын коддору жана чыгашалардын экономикалык классификациясы боюнча отчеттук жыл үчүн бюджеттин чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө отчет;
4) программалык негизде отчеттук жыл үчүн бюджеттин чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө отчет;
5) жылдык бюджетти аткаруунун жыйынтык көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндө маалыматты камтыган отчеттук жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко түшүндүрмө кат.
45. ММК фондунун бюджетинин отчеттук жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчет коомдук талкуу жүргүзүлгөндөн кийин Министрлер Кабинетине отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирилбестен берилет.
46. Отчеттук жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун долбоору Министрлер Кабинетинде каралгандан кийин долбоор отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берилет.
47. Отчеттук жыл үчүн бюджетти аткаруу Эсептөө палатасы тарабынан жыл сайын аудит жүргүзүлүүгө тийиш, анын жыйынтыгы боюнча отчеттук жыл үчүн бюджетти түзүү жана аткаруу аудитинин натыйжалары жөнүндө отчет түзүлөт, ал отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилет.
10-глава. Бюджет жөнүндө маалыматка жетүүнү камсыз кылуу
48. ММК фонду өзүнүн расмий сайтында төмөнкү документтерди жайгаштырат:
1) бюджеттин долбоорун;
2) бюджет жөнүндө мыйзамды;
3) отчеттук жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматты;
4) саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалыматтарды.
11-глава. Финансылык тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
49. ММК фондунун, анын аймактык башкармалыктарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кызмат адамдары бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик мыйзамдардын жана саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылат.
50. Бюджеттик мыйзамдардын жана ушул Жобонун талаптарын аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу боюнча финансылык тартип бузуулар аныкталган учурларда ММК фондунун, анын аймактык башкармалыктарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.