Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 680 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-
педагогикалык консультация жөнүндө
типтүү жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө ушул типтүү жобо (мындан ары – Жобо) өзгөчө билим берүү муктаждыктары жана майыптыгы бар балдарга комплекстүү психологиялык-медициналык-педагогикалык баалоо жүргүзүү, ошондой эле алардын толук билим алуусу, тарбияланышы, социалдык адаптацияланышы жана коомго интеграцияланышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялардын (мындан ары – ПМПК) иш тартибин аныктайт.
2. ПМПК Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү, кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) катары түзүлөт жана билим берүү чөйрөсүндөгү өзүнүн компетенциясынын чегинде иш алып барат.
3. ПМПК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерге, анын ичинде Балдар укуктары жөнүндө конвенцияга жана Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияга ылайык ар бир баланын жеткиликтүү жана сапаттуу билим алууга, ден соолугун коргоого, психикалык жана социалдык бакубаттуулугуна болгон укуктарын ишке ашыруу максатында консультациялык, диагностикалык жана эксперттик ишти жүзөгө ашырган билим берүү системасынын балдарга билим берүү уюму болуп саналат.
4. ПМПК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияны, «Билим берүү жөнүндө», «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. ПМПКнын иши гуманизм, теңчилик, басмырлоого жол бербөө, купуялуулук, дисциплиналар аралык мамиле, баланы жеке коштоо, баланын кызыкчылыктарынын артыкчылыктуулугу, ыктыярдуулук, коллегиялуулук, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, үй-бүлөнү сыйлоо, инклюзивдүүлүк жана акысыздык принциптеринде жүзөгө ашырылат.
6. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) мыйзамдуу өкүл – баланын кызыкчылыктарын коргоого юридикалык укугу бар адам (ата-эне, камкорчу, көзөмөлчү);
2) билим берүүдөгү реабилитация – билим алуучунун майыптыкка кабылуусунун же ден соолугуна байланышкан өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жоголгон же бузулган көндүмдөрүн, жөндөмдөрүн же билимин калыбына келтирүү процесси;
3) билим берүүдөгү абилитация – билим алуучу белгилүү бир жаңы көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү же билим алууда ага колдоо көрсөтүүгө багытталган процесс;
4) билим берүүдө реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жеке программасы (БРАЖП) – майыптыгы бар бала үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) корутундусунун негизинде иштелип чыгуучу документ, ал бузулган функцияларды калыбына келтирүүгө, компенсациялоого же өнүктүрүүгө, максималдуу мүмкүн болгон өз алдынчалыкты, коомго интеграцияланууну жана билим берүү процессине кошулууну камсыз кылууга багытталган медициналык, психологиялык-педагогикалык, социалдык жана башка иш-чаралардын комплексин камтыйт. БРАЖП баланы коштоп жүрүүгө катышкан мекемелер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш;
5) маалымдалган макулдук – баланы текшерүүгө жана анын жеке маалыматтарын иштетүүгө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ыктыярдуу макулдугу;
6) баланын электрондук амбулатордук картасы (025/у формасы) – медициналык уюмда белгиленген тартипте таризделүүчү баланы текшерүүнүн натыйжалары, өнүгүү динамикасы жана ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтарды камтыган расмий медициналык документ;
7) баланын өнүгүү картасы – ПМПКнын корутундусунун негизинде билим берүү уюму тарабынан түзүлүүчү баланын өнүгүү динамикасынын натыйжаларын, анын көндүмдөрүн, жетишкендиктерин, физикалык жана психикалык абалын чагылдырган психологиялык-медициналык-педагогикалык документ;
8) коррекциялык-өнүктүрүүчү иш-чаралар – өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар баланы колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган педагогикалык, психологиялык жана логопедиялык таасир берүүлөрдүн системасы;
9) медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) – медициналык, социалдык жана кесиптик критерийлердин негизинде организмдин функцияларынын туруктуу бузулууларын баалоону жана эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготуу же майыптык даражасын аныктоону жүзөгө ашыруучу коллегиялык орган. МСЭК майыптыкты белгилейт, анын даражасын (тобун) аныктайт, ошондой эле жарандарды, анын ичинде майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо жана социалдык коргоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
10) текшерүү (ПМПК контекстинде) – ПМПКнын адистери тарабынан өнүгүүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн, ден соолугунун абалын, билим алууга муктаждыктарын ар тараптуу баалоо максатында жүргүзүлүүчү комплекстүү дисциплиналар аралык диагностика;
11) билим берүү чөйрөсү – баланы окутуу жана өнүктүрүү жүрүп жаткан шарттардын жыйындысы;
12) өзгөчө билим берүү муктаждыктар – билим алуучунун муктаждыктарын канааттандырууда атайын шарттарды жана чөйрөнү түзүү, анын максималдуу мүмкүн болгон өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн атайын билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен атайын билим берүү технологияларын колдонуу талап кылынган билим алуучунун муктаждыктары;
13) психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация (ПМПК) – иши адистердин (психологдордун, олигофренопедагогдордун, сурдопедагогдордун, тифлопедагогдордун, логопед педагогдордун, врачтардын жана башкалардын) дисциплиналар аралык командасы тарабынан жүзөгө ашырылган билим берүү системасынын балдарга билим берүү уюму;
14) жөндүү ылайыкташтыруу – өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балага бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган окутуу чөйрөсүн же процессин жеке өзгөртүүлөр;
15) республикалык психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация – республикалык координациялоочу, методикалык жана эксперттик психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация – өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды коштоону жана комплекстүү диагностикалоону жүзөгө ашырган билим берүү системасынын балдарга билим берүү уюму;
16) аймактык психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация – бир облустук административдик-аймактык бирдиктин (облус, республикалык маанидеги шаарлар – Бишкек, Ош) чегинде өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды комплекстүү диагностикалоону, консультация берүүнү жана коштоону жүзөгө ашырган, ошондой эле өз аймагында билим берүү уюмдарына методикалык колдоону камсыз кылган дисциплиналар аралык түзүм;
17) функциялык бузулуулар – баланын өнүгүшүнө жана билим алуусуна таасир этүүчү организмдин иштөөсүндөгү бузулуулар (физикалык, психикалык, сенсордук жана башкалар).
2-глава. ПМПКнын максаттары жана милдеттери
7. ПМПКнын ишинин негизги максаты өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды өз убагында аныктоо жана комплекстүү текшерүү, аларды коштоону уюштуруу жана адистештирилген жардам берүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү аркылуу инклюзивдик билим берүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
8. ПМПКнын милдеттери:
1) баланын өнүгүүсүнө комплекстүү дисциплиналар аралык диагностика жүргүзүү;
2) билим берүү программаларынын жана окуу пландарынын түрлөрүнө ылайык окутуунун формасын жана мазмунун аныктоо;
3) коррекциялык-өнүктүрүүчү жардамды уюштуруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
4) ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө), педагогикалык кызматкерлерге, башка ведомстволордун адистерине өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча консультация берүү;
5) ПМПКнын сунуштамаларын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баланын өнүгүү динамикасына байкоо жүргүзүү;
6) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдардын ведомстволор аралык электрондук маалымат базасын жүргүзүү;
7) инклюзивдик билим берүү маселелеринде билим берүү уюмдарын методикалык коштоо.
3-глава. ПМПКнын уюштуруу түзүмү
9. ПМПК башчысы педагогикалык кызматкерлер категориясына кирет жана ПМПКны жетектөөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат, анын ичинде:
1) билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек мамилелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
2) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясына карата талаптарды белгилеген «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) ПМПКнын ишин жана педагогикалык кызматкерлердин эмгек мамилелерин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар.
ПМПКда жетекчилик кызмат орундарын ПМПК профилине ылайык адистик боюнча жогорку педагогикалык билими, психологиялык-педагогикалык коштоо, билим берүү, саламаттык сактоо же социалдык коргоо чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, ошондой эле ПМПКнын комплекстүү ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенциялары бар адамдар ээлей алат.
10. Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын штаттык курамы дисциплиналар аралык ыкманы эске алуу менен түзүлөт жана төмөнкү багыттардын адистерин камтыйт: атайын педагогика (олигофренопедагогдор, сурдопедагогдор, тифлопедагогдор, логопед педагогдор – зарылдыгына жараша); психология жана педагогика – психолог педагогдор, жалпы профилдеги педагогдор; медицина – медициналык кызматкерлер: неврологдор, психиатрлар, педиатрлар.
Штаттык курамды түзүү, адистердин квалификациясына карата талаптар жана алардын эмгегине акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде мамлекеттик билим берүү жана медициналык мекемелердин ишин, ошондой эле мамлекеттик уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
11. ПМПКнын адистери Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин локалдык актыларында, ошондой эле тиешелүү категориялардагы адистердин квалификациясы жана кесиптик иши маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) тиешелүү иш профили боюнча жогорку кесиптик билимге ээ болуу, анын ичинде:
– педагогикалык багыт боюнча (атайын педагогика – олигофренопедагогдор, сурдопедагогдор, тифлопедагогдор, логопед педагогдор; психология жана педагогика – психолог педагогдор, жалпы профилдеги педагогдор);
– медициналык багыт боюнча – медициналык кызматкерлер: неврологдор, психиатрлар, педиатрлар;
2) иш стажына жана квалификацияны жогорулатууга карата талаптарга жооп берүү:
– билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо чөйрөсүндө же балдарды психологиялык-педагогикалык коштоо системасында адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
– инклюзивдик жана коррекциялык билим берүү, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды диагностикалоо жана коштоо маселелери боюнча ар бир 3–5 жылда кеминде бир жолу адистик профили боюнча квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуунун болушу;
– дисциплиналар аралык өз ара аракеттенүү көндүмдөрүнө ээ болуу, кесиптик этиканы, баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо бөлүгүндө ченемдик талаптарды сактоо.
4-глава. ПМПКнын функциялары
жана ыйгарым укуктары
12. Республикалык ПМПК төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) алгачкы жана кайрадан диагностикалоо методикаларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды, ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды коштоп жүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана бекитүүгө киргизет;
2) методикалык материалдарды, документтерди, отчеттуулук формаларын иштеп чыгууну жана даярдоону камсыз кылууга, ошондой эле адистерди даярдоого катышат;
3) аймактык ПМПКлардын ишине координациялоо, мониторинг жүргүзөт жана методикалык колдоо көрсөтөт, ошондой эле сунуштамалардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
4) өзгөчө билим берүү муктаждыктары же майыптыгы бар балдардын электрондук маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;
5) кайрадан консультацияларды өткөрөт жана эксперттик корутундуларды берет;
6) көчмө жыйындарды жана консультацияларды уюштурат;
7) өз ыйгарым укуктарынын чегинде билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында расмий ресурстарды жүргүзүүнү камсыз кылат;
8) инклюзивдик билим берүү жаатында ата-энелер, билим берүү уюмдары, медициналык жана социалдык мекемелер менен өз ара аракеттенет;
9) инклюзивдик билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты түзүүгө катышат;
10) учурдагы эксперттик текшерүүнү жүргүзөт, анын ичинде алгачкы же кайрадан диагностиканы белгилейт, ата-энелерге же мыйзамдуу өкүлдөргө сунуштамаларды берет, ошондой эле талаш же татаал учурларда текшерүү жүргүзөт, анын ичинде:
– баланын курактык, психофизикалык өзгөчөлүктөрүн, билим берүү муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аны окутуунун жана өнүктүрүүнүн жеке программасын аныктайт;
– окутуу формасын (күндүзгү, үй-бүлөлүк билим берүү же жекече окутууну, анын ичинде үйдөн окутуу) аныктайт;
– текшерилүүчү баланын жалпы билим берүү уюмунда окутуу жерин сунуштайт: жалпы билим берүү мектеби, мектеп-комплекс, мектеп-интернат, атайын мектеп, атайын мектеп-интернат, атайын көмөкчү мектеп, атайын көмөкчү мектеп-интернат, санаториялык мектеп-интернат, кечки (нөөмөттүк) мектеп, сырттан окуу же онлайн-мектеп;
– билим берүү деңгээлин жана программасын (башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү программалары, реабилитациялоонун жана абилитациялоонун комплекстүү чараларын колдонуу менен башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн модификацияланган жалпы билим берүү программалары, башталгыч жалпы жана негизги жалпы билим берүүнүн адаптацияланган жалпы билим берүү программалары, негизги жалпы билим берүү программасын мурда өздөштүрбөгөн жактар үчүн негизги жалпы билим берүү программасы) белгилейт;
– психологиялык-педагогикалык колдоону сыпаттайт (адистердин коштоосу: логопед педагогдор, олигофренопедагогдор, сурдопедагогдор, тифлопедагогдор, психологдор, социалдык педагогдор жана башкалар);
– окутуу шарттарын аныктайт (техникалык каражаттар, ассистент, атайын жабдуулар);
– текшерилген баланын ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) билим берүү процессин уюштуруу боюнча сунуштамалары бар корутундуну тариздейт жана берет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы, корутундулардын аныктыгы, жүргүзүлгөн иш-чаралардын негиздүүлүгү, сунуштамалардын сапаты жана толуктугу, текшерүү мөөнөттөрүнүн, тартибинин жана жол-жоболорунун сакталышы үчүн, ошондой эле ушул Жобого ылайык анын корутундуларынын негизинде кабыл алынган чечимдердин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат жана ыйгарым укуктуу органга отчет берет;
– окутуу максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларды аныктайт.
13. Аймактык ПМПК төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) учурдагы эксперттик текшерүүнү билим берүү муктаждыктарды жана сунуштамаларды аныктоо менен жүзөгө ашырат, анын ичинде:
– баланын курактык, психофизикалык өзгөчөлүктөрүн, билим берүү муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аны окутуунун жана өнүктүрүүнүн жеке программасын түзөт;
– ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) окутуу формасын (күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу, экстернат, үй-бүлөлүк билим берүү же жекече окутуу, анын ичинде үйдөн окутуу);
– баланын жалпы билим берүү уюмунда окутуу жерин (жалпы билим берүү мектеби, мектеп-комплекс, мектеп-интернат, атайын мектеп, атайын мектеп-интернат, атайын көмөкчү мектеп, атайын көмөкчү мектеп-интернат, санаториялык мектеп-интернат, кечки мектеп, сырттан окуу мектеби, онлайн-мектеп) сунуштайт;
– талаш жана татаал учурларды кароо үчүн республикалык ПМПКга суроо-талап жиберет;
– билим берүү деңгээлин жана программасын (башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү программалары, реабилитациялоонун жана абилитациялоонун комплекстүү чараларын колдонуу менен модификацияланган жана адаптацияланган программалар, негизги жалпы билим берүү программасын мурда өздөштүрбөгөн жактар үчүн программалар) аныктайт;
– зарыл болгон психологиялык-педагогикалык колдоону сыпаттайт (адистердин коштоосу: логопед педагогдор, олигофренопедагог, сурдопедагог, тифлопедагог, психолог, социалдык педагог жана башкалар);
– окутуу шарттарын аныктайт (техникалык каражаттар, атайын жабдуулар жана башкалар);
– текшерүүдөн өткөн баланын ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) билим берүү процессин уюштуруу боюнча сунуштамалары бар корутундуну тариздейт жана берет;
– өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды коштоп жүрүүгө катышкан билим берүү системасынын адистерин (педагогдорду, психологдорду, социалдык педагогдорду, логопеддерди, олигофренопедагогдорду, сурдопедагогдорду, тифлопедагогдорду жана башкаларды) окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
– баланын абалындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен билим берүү маршруттарын жана программаларын тууралоону камсыз кылуу менен билим берүү чөйрөсүндө кайрадан эксперттик текшерүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзөт;
– көчмө жыйындарды, консультацияларды уюштурат жана өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды коштоп жүрүү менен байланышкан ведомстволор аралык комиссияларга, анын ичинде социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча комиссияларга катышат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы, корутундулардын аныктыгы, жүргүзүлгөн иш-чаралардын негиздүүлүгү, сунуштамалардын сапаты жана толуктугу, текшерүү мөөнөттөрүнүн, тартибинин жана жол-жоболорунун сакталышы үчүн, ошондой эле ушул Жобого ылайык анын корутундуларынын негизинде кабыл алынган чечимдердин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат жана ыйгарым укуктуу органга отчет берет;
– окутуу максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларын аныктайт.
14. Медициналык диагностика стандарттары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат, ал эми балага психологиялык-педагогикалык текшерүү жүргүзүү стандарттары жана тартиби жана сунуштамаларды иштеп чыгуу – билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу менен аныкталат.
15. Адистердин компетенттүүлүгү жана кесипкөйлүгү, ПМПКнын адистеринин иши заманбап илимий негизделген маалыматтарга, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды диагностикалоодо жана коштоодо квалификациялуу ыкмаларга негизделет. Ар бир адис берилүүчү сунуштамалардын сапаты жана кесиптик стандарттардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
16. ПМПК текшерүүнү жүргүзүүдө жана корутунду даярдоодо баланын жашына жана өнүгүү деңгээлине ылайык анын корголуу, жеке турмушунун кол тийбестиги, анын кызыкчылыктарын козгогон чечимдерге катышуу укугу эске алынат, ошондой эле басмырлоонун, кысымдын жана инсанды терс баалоонун кандай гана болбосун формалары жокко чыгарылат.
17. ПМПКнын кызматтары акысыз негизде көрсөтүлөт. ПМПКга кайрылуу арыз берүү негизинде жүзөгө ашырылат жана баланын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) же баланы коштоп жүрүүгө катышкан билим берүү, медициналык жана башка уюмдар тарабынан демилгелениши мүмкүн. ПМПКнын ишин уюштурууда кызмат көрсөтүүлөрдүн жашаган жери боюнча жеткиликтүүлүгү, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн тилдик, маданий жана башка өзгөчөлүктөрү эске алынат. ПМПКнын саны чектелүү болгон учурда жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында көчмө жыйындарды, аралыктан консультацияларды өткөрүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн башка формаларын колдонууга жол берилет.
18. Эксперттик текшерүү баланын өнүгүүсүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн, ден соолугунун абалын, үй-бүлөлүк жана социалдык-маданий контекстти, билим алуу тажрыйбасын жана муктаждыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт жана баланын потенциалын максималдуу толук ачууга жана аны ийгиликтүү социалдаштыруу жана окутуу үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган сунуштамалар иштелип чыгат.
19. ПМПКнын ар бир адисинин милдетине өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде баланы комплекстүү текшерүүдөн өткөрүү, андан кийин жыйынтыктарды дисциплиналар аралык талдоого жана коллегиалдуу корутунду түзүүгө катышуу кирет.
20. ПМПКнын адистеринин функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) педагогикалык кызматкер баланын окуу көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлин, программалык материалдарды өздөштүрүүсүн, окууга болгон мотивациясын, жаңы билимдерди өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүгүн, окуу ишинде көңүл буруу, ой жүгүртүү жана эс тутум өзгөчөлүктөрүн баалайт, ошондой эле анын билим алууга муктаждыктарын/кыйынчылыктарын аныктайт;
2) педагог-психолог баланын эмоциялык абалына, анын инсандар аралык өз ара аракеттенүү өзгөчөлүктөрүнө, өзүн-өзү баалоосуна, билим берүү чөйрөсүнө адаптацияланышына диагностика жүргүзөт; жүрүм-турум көрүнүштөрүн, когнитивдик функциялардын өнүгүү деңгээлин, анын ичинде көңүл буруусун, ой жүгүртүүсүн, кабыл алуусун жана эс тутумун талдайт; баланын психологиялык тобокелдик факторлорун/потенциалдуу өнүгүү ресурстарын аныктайт;
3) медициналык кызматкер баланын ден соолугунун жалпы абалына баа берет, соматикалык, психоневрологиялык, психикалык же сенсордук бузулууларынын болушун аныктайт, баланын ден соолугунун абалынын анын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө тийгизген таасирин аныктайт. Зарыл болгон учурда ал баланы жашаган жери боюнча медициналык уюм тарабынан берилген медициналык корутундунун негизинде кошумча медициналык текшерүүгө жөнөтөт, анда төмөнкүлөр камтылат:
– баланын ден соолугунун абалы тууралуу маалыматтар;
– жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана дарылоонун жыйынтыктары (таризделген күндөн тартып 6 айдын ичинде жарактуу);
– ПМПКнын сунуштамаларын иштеп чыгууда медициналык адистердин корутундуларын эске алуу менен корутундуларды жана диагноздорду ырастоо;
4) логопед педагог баланын сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө диагностика жүргүзөт: фонематикалык угуу, үн чыгаруу, сөз байлыгы, грамматикалык түзүлүш, ырааттуу сүйлөө, кепти түшүнүү, ошондой эле жазуу тилинин бузулушун аныктайт; логопедиялык коррекциялоонун зарылдыгы жана анын болжолдуу көлөмү жөнүндө корутунду берет;
5) ПМПКнын адистери маалыматтардын толуктугун, аныктыгын жана укук улантуучулугун камсыздоо максатында мамлекеттик электрондук саламаттык сактоо системасы менен интеграциялоо аркылуу баланы текшерүүнүн жыйынтыктарын жана медициналык маалыматын санариптик эсепке алууну жүргүзөт.
5-глава. ПМПКга текшерүүгө жөнөтүү
жана аны жүргүзүү тартиби
21. Республикалык же аймактык ПМПКга кайрылуу төмөнкүлөр тарабынан демилгелениши мүмкүн:
1) ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан – өз демилгеси боюнча;
2) билим берүү уюму тарабынан – кошумча диагностиканы жана коррекциялык жардамды талап кылган баланы окутууда, өнүктүрүүдө жана социалдаштырууда туруктуу кыйынчылыктар аныкталган учурда;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча органдар тарабынан – бакубатсыздык белгилери аныкталган же стандарттык шарттарда билим алууга мүмкүн болбогон учурда;
4) медициналык уюмдар тарабынан – баланын өнүгүүсүнө жана окуу жөндөмүнө таасир этүүчү анын оорулары, бузулуулары же абалдар бар болсо;
5) социалдык коргоо мекемелери тарабынан – аялуу категориядагы балдарды (майыптыгы бар балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар) коштоп жүрүүдө.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) кайрылган учурлардан тышкары, бардык учурларда баланы ПМПКга жөнөтүү ушул Жобонун 23-пунктуна ылайык алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана жүзөгө ашырылат.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү жана баланын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда түздөн түз каралган учурларды кошпогондо, текшерүү баланын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жазуу жүзүндөгү маалымдалган макулдугу болгон учурда гана жүргүзүлөт.
23. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) арыздарын каттоону уюштурууну камсыз кылуу жана тиешелүү документтердин үлгүлөрү менен зарыл тизмекти белгилөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте Республикалык психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация (РПМПК) же Аймактык психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация (АПМПК) мобилдик тиркемеси аркылуу «Э-Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасынын санариптик платформасынын бирдиктүү билим берүү мейкиндиги системасында жүзөгө ашырылат.
24. Текшерүү жол-жобосу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) баланын жүрүм-турумуна жана иш-аракеттерине байкоо жүргүзүү;
2) ишенимдүү психологиялык-педагогикалык методикаларды колдонуу менен жеке диагностиканы жүргүзүү;
3) бала жана анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен баарлашуу;
4) медициналык жана окуу документтерин (медициналык маалымкаттарды, психологиялык-педагогикалык мүнөздөмөлөрдү, окуу дептерлеринин деңгээлин жана абалын, контролдук иштердин жыйынтыктарын жана башкаларды) талдоо;
5) ПМПКнын дисциплиналар аралык консультациясында учурду талкуулоо жана чечим кабыл алуу.
25. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ПМПК тарабынан төмөнкүлөр боюнча негиздүү сунуштамаларды камтыган корутунду түзүлөт:
1) билим алуунун оптималдуу формасы (анын ичинде жалпы билим берүүчү мектепте, инклюзивдик окутуу бар класста, атайын (коррекциялык) билим берүү уюмунда, үй-бүлөлүк окутуу формасында, аралыктан окутуу формасында, жекече окутуу формасында, анын ичинде үйдөн окутуу);
2) окутуунун зарыл шарттары, анын ичинде билим берүү программасына, чөйрөсүнө жана окутуу методдоруна адаптациялоо;
3) психологиялык, логопедиялык, атайын же башка коррекциялык жардам көрсөтүүнүн максатка ылайыктуулугу;
4) окутуунун атайын техникалык каражаттарын, альтернативдик жана кошумча коммуникацияларды, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн модификацияларын колдонуу;
5) баланы кошумча медициналык, психологиялык-педагогикалык же социалдык коштоого жиберүү зарылдыгы.
Өнүгүүнүн бузулууларынын тибин жана айкындуулук даражасын аныктоо медициналык адистердин компетенциясына кирет. ПМПК алардын корутундуларын жетекчиликке алып, баланын өзгөчө билим берүү муктаждыктарын аныктайт жана билим алуунун тиешелүү шарттарын сунуштайт.
Медициналык, педагогикалык жана психологиялык маалыматтарды эсепке алуу жана иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
26. ПМПКнын корутундусу жамааттык талкуулоонун негизинде даярдалат жана ПМПК башчысы тарабынан бекитилет. Корутундуга ПМПК башчысы жана текшерүүгө катышкан бардык адистери кол коет.
27. ПМПКнын корутундусу белгиленген формада таризделет, ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) берилет жана алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен окутуунун жана коштоонун зарыл шарттарын камсыз кылуу үчүн билим берүү, медициналык же социалдык уюмга жөнөтүлүшү мүмкүн.
28. Билим берүү уюмдары окутууда кыйынчылыктары бар балдарды ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) маалымдалган макулдугу менен ПМПКга текшерүүгө жиберет, баланы коштоп жүрүү боюнча сунуштамаларды аткарат жана аны өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенет.
6-глава. Жетекчилик жана
кадрлар менен камсыз кылуу
29. Республикалык жана аймактык ПМПКларды башчылар башкарат, алар консультациялардын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат.
30. Республикалык жана аймактык ПМПКлардын башчылары Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын агартуу министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Башчы кызмат ордуна талапкер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) педагогика, психология же болбосо атайын педагогика тармагында жогорку кесиптик билими;
2) балдарды психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес иш стажы.
31. ПМПК башчысы консультациянын ишин жетектейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде билим берүүнү уюштурууну, саламаттык сактоону, социалдык коргоону, эмгек мамилелерин жөнгө салган мыйзамдарга ылайык анын ишинин натыйжалары жана ПМПКнын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
32. ПМПК башчысынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) ПМПКнын ишин жалпы жетектөө, ПМПКга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууну уюштуруу жана анын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартуу;
2) ПМПКнын штаттык түзүмүн жана санын аныктоону ушул Жобонун тиркемесине ылайык бекитилген ПМПКнын болжолдуу типтүү штаттарынын негизинде жүзөгө ашыруу;
3) ПМПКнын адистерин кызмат ордуна дайындоону жана кызмат ордунан бошотууну Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу;
4) ПМПКнын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын бюджеттик каржылоонун чегинде, бирок мыйзамда белгиленген эмгек акы төлөөнүн минималдуу өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлде аныктоо; ПМПКнын ички иш регламентин, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитүү;
5) ПМПКнын адистеринин ишин координациялоо, дисциплиналар аралык ыкманы колдонууну камсыз кылуу, балдарды текшерүүнүн сапатын контролдоо, текшерүүнүн бардык катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
6) ПМПКнын кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда, билим берүү, медициналык жана социалдык мекемелерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле башка уюмдарда жана мекемелерде коргоо;
7) ПМПКнын жылдык жана учурдагы иш пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү, белгиленген отчеттуулукту жана иш кагаздарын жүргүзүүнү камсыз кылуу;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ПМПКнын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу;
9) ПМПКнын адистеринин квалификациясын жогорулатууну системалуу деңгээлде уюштуруу;
10) маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик электрондук саламаттык сактоо системасы менен интеграциялоо аркылуу баланы текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын жана медициналык маалыматын санариптик эсепке алууну жүргүзүү;
11) ПМПКнын милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
12) психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу жана өз компетенциясынын алкагында жол берилген укукка каршы аракеттер же аракетсиздик үчүн жоопкерчилик тартуу.
33. ПМПКнын адистери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эмгек мамилелерин, балдардын укуктарын коргоону, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ишти, ошондой эле ПМПКнын адистеринин компетенциясына кирген башка маселелерди жөнгө салган мыйзамдарга ылайык өз эмгек милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн материалдык, тартиптик, административдик, кылмыштык жана башка жоопкерчилик тартат.
34. ПМПК башчысы жана адистери мыйзамдарда белгиленген жүктөмдүн чегинде жана негизги иш жерин эске алуу менен кошумча кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укуктуу, анын ичинде:
1) окутуучулук;
2) медициналык;
3) илимий;
4) эгерде ал негизги кызматтык милдеттерге каршы келбесе жана ПМПКдагы иштин сапатына таасирин тийгизбесе, алардын квалификациясына ылайык келген консультациялык, эксперттик жана башка ишти.
35. ПМПК башчысы жана адистери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык педагогикалык жана медициналык кызматкерлердин категорияларына кирет.
36. ПМПКнын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнү жана иш шарттарын каржылоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан республикалык бюджетте каралган каражаттар чегинде жүзөгө ашырылат.
37. ПМПК башчысынын жана адистеринин жумуш убактысынын узактыгы жумасына 30 саат деңгээлинде белгиленген. Ар жылдык өргүүнүн мөөнөттөрү майыптыгы бар балдар үчүн атайын мектептердин (интернаттардын) кызматкерлеринин өргүү мөөнөттөрүнө теңештирилет.
38. ПМПКнын иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жылдык иш пландын негизинде жүзөгө ашырылат.
7-глава. ПМПК башчысынын жана
адистеринин укуктары жана милдеттери
39. ПМПК башчысы жана адистери өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде психологиялык-медициналык-педагогикалык ишти уюштурууну, эмгек мамилелерин, балдардын укуктарын коргоону, саламаттык сактоону жана жарандардын социалдык коргоосун жөнгө салган мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын жана локалдык актылардын негизинде жүргүзөт.
40. ПМПК башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) билим берүү, медициналык жана социалдык мекемелерден, ошондой эле камкорчу жана көзөмөлчү органдардан текшерүү жана талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды суроого жана алууга (ата-энелеринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу болсо);
2) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды колдоо маселелери боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү демилгелөөгө;
3) ПМПКнын ишин өркүндөтүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдарга сунуштарды киргизүүгө;
4) ПМПКнын адистеринин квалификациясын жогорулатууну жана методикалык коштоону уюштурууга;
5) инклюзивдик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу боюнча программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга.
41. ПМПК башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) текшерүү жана чечимдерди кабыл алуу процессинде баланын жана анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылууга;
2) дисциплиналар аралыктык, инклюзивдүүлүк, гуманизм, ыктыярдуулук жана кесиптик этика принциптеринин негизинде ПМПКнын ишин уюштурууга;
3) ПМПК адистери тарабынан купуялуулук, басмырлоого, стигматизацияга жана сегрегацияга жол бербөө талаптарынын сакталышын контролдоого;
4) адистердин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн, анын ичинде заманбап диагностикалык жана методикалык ыкмаларды колдонуу менен шарттарды түзүүгө;
5) ченемдик талаптарга ылайык документтерди жүргүзүүнү камсыз кылууга.
42. ПМПК адистеринин укуктары жана милдеттери:
1) ПМПКнын адистери (медициналык персоналды кошпогондо) атайын билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине теңештирилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатууга, кесиптик даярдоого жана кайра даярдоого болгон укуктарды кошо алганда, тиешелүү эмгек жана социалдык кепилдиктерден пайдаланат;
2) ПМПКнын медициналык кызматкерлери өз ишин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат жана тиешелүү укуктарды жана кепилдиктерди сактоо менен саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине теңештирилет;
3) ПМПК менен анын адистеринин ортосундагы эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишиминин негизинде жөнгө салынат;
4) ПМПКнын адистерине эмгек акы төлөө адистин кызмат ордуна жана профилине жараша билим берүү, саламаттык сактоо же социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат;
5) ПМПКнын кызматкерлерине эмгек өргүү жана өргүүнүн башка түрлөрүн берүү тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен аныкталат.
43. ПМПКнын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эмгек жамаатынын жалпы чогулуштарына катышууга;
2) мекеменин ишин жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) өзүнүн кесиптик ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого.
44. ПМПКнын адистери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ПМПКнын уставынын талаптарын жана ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;
2) тиешелүү кесиптик билимге жана квалификацияга ээ болууга;
3) татаал диагностикалык жана конфликттүү учурларды карап чыгууга катышууга;
4) жеке маалыматтардын купуялуулугун жана корголушун камсыз кылууга;
5) эмгек келишиминин шарттарын аткарууга;
6) эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптарды сактоого;
7) текшерүү убагында балдардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылууга;
8) балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алууга;
9) тарбиялоо жана билим берүү маселелеринде ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен кызматташууга;
10) мыйзамдарда жана ПМПКнын ички документтеринде каралган башка милдеттерди аткарууга.
8-глава. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн)
укуктары жана милдеттери
45. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз баласынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
2) ПМПКнын адистеринен консультацияларды алууга;
3) текшерүүгө жана анын натыйжаларын талкуулоого катышууга;
4) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өз пикирин айтууга;
5) баланы текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө толук жана анык маалымат алууга.
46. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ПМПКнын кызматкерлеринин эмгегин жана укуктарын урматтоого;
2) баласы жөнүндө анык маалымат берүүгө;
3) консультацияларда баласын коштоп жүрүүгө;
4) ПМПКнын мүлкү өз күнөөсү же баланын күнөөсү боюнча бузулган учурда зыянды компенсациялоого.
9-глава. ПМПКнын башка уюмдар менен
өз ара аракеттенүүсү
47. ПМПК билим берүү уюмдары, медициналык мекемелер, социалдык коргоо органдары, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдар, балдар иштери боюнча аймактык комиссиялар, ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды колдоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенет.
48. ПМПК балдарга жардам көрсөтүүнүн ведомстволор аралык системасын түзүүгө, өнүгүүдө экинчи жолу четтөөлөрдүн алдын алууга жана билим берүү программаларын жана окуу пландарын оптималдаштырууга багытталган өнөктөштүк кызматташтыгын жүзөгө ашырат. Өз ара аракеттенүү макулдашуулардын, протоколдордун, биргелешкен пландардын жана макулдашылган иш-чаралардын негизинде жүзөгө ашырылат.
10-глава. ПМПКнын иш кагаздарын жүргүзүү
49. Иш кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде, кагаз жүзүндө жана электрондук форматта, бекитилген көктөмөлөр номенклатурасына жана архивдик сактоо тартибине ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик тилде күбөлөндүрүлгөн документ түп нуска болуп эсептелет.
50. Жарандардын арыздары жана кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө каралат:
1) 14 календардык күнгө чейин;
2) кайра текшерүү зарыл болгон учурда 30 календардык күнгө чейин.
51. ПМПКда төмөнкү документтер жүргүзүлөт:
1) текшерилген балдарды эсепке алуу журналы (электрондук);
2) ПМПКнын корутундусу (текшерүүнүн жүрүшүн жана натыйжаларын белгилейт);
3) ПМПКнын иши жөнүндө отчет жана жылдык план.
52. ПМПКнын корутундусу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) анамнездик маалыматтар;
2) медициналык корутундулар (невролог, психиатр жана башкалар);
3) психологиялык, педагогикалык, логопедиялык текшерүүнүн натыйжалары.
53. ПМПКнын жалпы корутундусу сунуштамаларда көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде күчүндө болот. Зарыл болгон учурда кайрадан текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Корутундунун бир нускасы ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) берилет.
54. ПМПКнын иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамада белгиленген тартипте жүргүзүлөт. ПМПКнын негизги документтерине кайрылууларды жана текшерүүлөрдү каттоо журналдары, көчмө жыйындардын жана консультациялардын протоколдору, кат алышуулар, пландар жана уюштуруучулук-тескөө документтери кирет. Аларды сактоо мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу органдын Типтүү документтеринин тизмеги менен аныкталат: убактылуу документтер 5 жыл сакталат, туруктуу документтер дайыма сакталат. Мөөнөттөрү бүткөндөн кийин убактылуу документтер жок кылынат, туруктуу сактоодогу документтер ведомстволук архивге өткөрүлүп берилет. Иш кагаздарын жүргүзүү жана документтерди сактоо үчүн жоопкерчилик ПМПК жетекчисине жүктөлөт.
55. Ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) төмөнкүлөр көрсөтүлгөн корутунду берилет:
1) баланын интеллектуалдык өнүгүүсү;
2) негизги диагноз жана функциялык бузулуулар;
3) психиатрдын корутундусу (диагноз болсо);
4) логопедиялык корутунду (сүйлөө бузулуулары болсо);
5) кошумча оорулар жана синдромдор;
6) баланын окуу жана жашоо чөйрөсүнүн шарттары.
56. ПМПК тарабынан зарыл болгон учурда ата-энелерге, педагогдорго, врачтарга дарылоо, окутуу жана тарбиялоо боюнча сунуштамалар берилет.
57. Суроо-талап боюнча ата-энелерге жазуу жүзүндө кеңейтилген көчүрмөлөр жана сунуштамалар берилет.
58. Ата-энелердин маалымдалган макулдугу менен ПМПК өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар жөнүндө маалыматты билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо органдарына комплекстүү колдоону уюштуруу үчүн бере алат.
11-глава. Финансылык жана материалдык-техникалык
камсыз кылуу
59. ПМПКнын ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын, анын ичинде ыктыярдуу кайрымдуулуктардын, гранттардын, максаттуу техникалык жардамдардын.
60. ПМПКны финансылык камсыз кылуу, анын ичинде эмгек акы төлөөгө, персоналды окутууга, жабдууларды сатып алууга кеткен чыгымдар, командировкалык чыгымдар, эмгек акыга кошумча жүктөм үчүн үстөктөр жана чыгымдалуучу материалдар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде инклюзивдик билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоонун алкагында жүзөгө ашырылат.
61. Өз ишин жакшыртуу үчүн, зарыл болгон учурда ПМПК төмөнкүдөй бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууга укуктуу:
1) эл аралык уюмдардын гранттары;
2) техникалык жардам программалары;
3) өкмөттүк эмес жана кайрымдуулук уюмдарынын колдоолору;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана педагогикалык, медициналык жана социалдык кызматкерлердин эмгегин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте каржылоонун башка жол берилген формалары.
62. ПМПК белгиленген тартипте мүлккө жана каражаттарга ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу:
1) жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн (белектер, кайрымдуулуктар түрүндө, мурас боюнча);
2) өз ишинин эсебинен сатып алынган;
3) башка мыйзамдуу негиздер боюнча алынган.
63. ПМПКнын карамагында турган мүлк алынып коюлбайт жана ПМПКнын функцияларын аткарууга жана билим берүү, диагностикалык жана коррекциялык ишти ишке ашырууга байланышпаган максаттарда пайдаланылбайт.
64. ПМПКнын иши жүзөгө ашырыла турган жай төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) санитардык-гигиеналык ченемдердин жана балдардын ден соолугун сактоо нормативдеринин талаптарына ылайык келүүгө;
2) майыптыгы бар балдар үчүн архитектуралык жана маалыматтык жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
3) керектүү жабдуулар, эмеректер, методикалык жана диагностикалык адабияттар, ошондой эле байланыш каражаттары, эсептөө техникасы жана программалык камсыздоого жетүү мүмкүндүгү менен жабдылууга.
65. ПМПКны жай жана базалык инфраструктура менен камсыз кылуу тиешелүү административдик-аймактык түзүлүштүн аймагында жайгашкан билим берүү уюмдарынын биринин базасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
12-глава. ПМПКны кайра уюштуруу жана жоюу
66. ПМПКнын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык кайра уюштуруу же жоюу жолу менен жүзөгө ашырылат.
67. Сакталууга тийиш болгон документтер «Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өткөрүлүп берилет.
13-глава. Корутунду жоболор
68. Бул Жобо Кыргыз Республикасында ПМПКны түзүү жана анын иши жөнүндө локалдык актыларды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
69. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилиши мүмкүн.
70. ПМПКнын бардык сунуштамалары ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) макулдугу болгон шартта билим берүү уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
| Кыргыз Республикасындагы психологиялык медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы
психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын
типтүү штаттары
Кызмат орундарынын аталышы | Облустук | Бишкек жана Ош шаарлары |
Башчы | 1 | 1 |
Психолог | 1 | 1 |
Олигофренопедагог | 1 | 1 |
Сурдопедагог | 1 | 1 |
Логопед | 1 | 1 |
Психиатр | 1 | 1 |
Невропатолог | 1 | 1 |
Офтальмолог | 1 | 1 |
Лаборант | - | 1 |
Жалпы | 8 | 9 |