Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/39
Айыл чарба жерлеринин түрүнө жараша баштапкы бааны көтөрүү
жана бекитүү жөнүндө
|
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын төрагасы Р.Апакаевдин айыл аймагынын айдоо жерлеринин түрүнө жараша старттык бааны жогорулатуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин түрүнө жараша ижарага берүүдө баштапкы баасы төмөндөгүдөй жогорулатылсын жана бекитилсин:
- сугат жерлерин - 8000 сомго;
- кайрак жерлерин - 3000 сомго;
- сенокос - 500 сомго;
- көп жылдык дарактар- 8000 сом.
2.Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |