Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-октябрындагы № 85
"АРИСтин "Айылды инвестициялоонун үчунчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19гa жооп кайтаруу боюнча)"- КК АИД-3 долбооруна "Таш-Дөбө айылындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы билим берүү орто мектебинин ичиндеги даараткананы оңдоо жана жылуулук батареяларын алмаштыруу" долбоордун сунуштосун бекитүү жөнүндө"
АРИС КК АИД-3 долбоорунун алкагында Таш-Дөбө айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордун иш-чаралар жөнүндө жана ири долбоор "Таш-Дөбө айылындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындыгы билим берүү орто мектебинин ичиндеги даараткананы оңдоо жана жылуулук батареяларын алмаштыруу" боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Нурзаман Нургазиевич жана Алымкулов Кольбай айылдык аймактын АКИА АКнын төрагасынын маалыматына карап жана талкуулап, ошондой эле "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" 20-октябрь, 2021-жылдын №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык. Таш-Дөбө айылдык кеңеш
ТОКТОМ кылат:
1. Долбоордук сунуш - "Таш-Дөбө айылындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы билим берүү орто мектебинин ичиндеги даараткананы оңдоо жана жылуулук батареяларын алмаштыруу" жалпы бюджеттик суммасы 8 137 555 сом, анын ичинен АРИСтин гранттык суммасы 5 655 000 сом, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 2 482 555 сом бекитилсин
2. Долбоордук сунуш - "Таш-Дөбө айылындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындыгы билим берүү орто мектебинин ичиндеги даараткананы оңдоо жана жылуулук батареяларын алмаштыруу" 2023-жылдын Таш-Дөбө айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын жана инвестициялык планга киргизилсин;
3. Долбоордук сунушта көрсөтүлгөн объектинин техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү боюджеттен чыгымдар бекитилсин;
4. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. долбоордук сунушка тиешелүү иш-кагаздарды АРИСке өз убагында берүү тапшырмасы берилсин;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага | Курманбаев А.Б. |