Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 13-октябры ПЖ № 282
Учурдагы бюджеттик жылга республикалык
бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу
фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү
боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу
тартибин убактылуу укуктук жөнгө
салуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 295 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3548-VII “VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө” токтомду кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамынын 140-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.
Ошону менен бирге колдонуудагы бюджеттик мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүн-өзү таркаткан учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик системалардын бюджеттеринин негизги параметрлерин өзгөртүү боюнча чечимдерин кабыл алуу жана аткаруу боюнча ченемдер белгиленбегендигин белгилей кетүү зарыл, бул кийин социалдык маанилүү жана мамлекеттик муктаждыктарга каражаттарды бөлүү маселелерин чечүүдө кыйынчылыктарга алып келет.
Ушуга байланыштуу бюджеттик системанын бюджеттеринин социалдык маанилүү жана артыкчылыктуу чыгашаларын туруктуу жана өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин биринчи жыйналышына чейин учурдагы бюджеттик жылдын республикалык бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары – Социалдык фонд) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү, бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жана улуттук экономика субъекттерине кепилдик берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин кабыл алууну жана аткарууну убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялык режими киргизилсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 295 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялык режиминин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат жана аткарат деп белгиленсин:
1) “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна кийин киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз республикалык бюджеттин негизги параметрлерин өзгөртүү, ошондой эле учурдагы бюджеттик жылдын чыгымдарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө;
2) “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна кийин киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз Социалдык фонддун бюджетинин негизги параметрлерин өзгөртүү, ошондой эле учурдагы бюджеттик жылдын чыгымдарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө;
3) “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна кийин киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин негизги параметрлерин өзгөртүү, ошондой эле учурдагы бюджеттик жылдын чыгымдарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жөнүндө;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жөнүндө.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 295 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Эгерде “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору учурдагы жылдын аягына чейин бекитилбесе, Социалдык фонд ал бекитилгенге чейин 2026-жылдын 1-январынан тартып ал күчүнө кирген учурга чейин бюджеттин долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чегинде ай сайын чыгымдарды жүргүзүүгө укуктуу.
4. Эгерде “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору учурдагы жылдын аягына чейин бекитилбесе, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ал бекитилгенге чейин 2026-жылдын 1-январынан тартып ал күчүнө кирген учурга чейин бюджеттин долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чегинде ай сайын чыгымдарды жүргүзүүгө укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2025-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде анын бекитүүсүнө киргизсин;
2) жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине бул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат берсин;
3) бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 295 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |