Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/37
Жер мунапысынан өткөн жер тилкелерин трансформациядан өткөрүүгө макулдук берүү жана трансформациядан өткөн жарандардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 16-майындагы №27 токтомунун негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.К.Апакаевдин жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Джумалиевдин Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча жер мунапысынан өткөн жер тилкелерин трансформациядан өткөрүү жана жер тилкелери трансформациядан өткөн жарандардын тизмесин бекитүү зарылдыктары жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майында №291 токтому менен бекитилген Жобосуна ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча жер мунапысынан өткөн жер тилкелерин трансформациядан өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл аймагында жер тилкелери трансформациядан өткөн жарандардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин жана алдыда өтүп келе турган жарандардын тизмеси ушул токтом менен бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |