Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/36
Жер участокторун «жайыттар» категориясынан «транспорт, байланыш, энергетика, өнөр жай, коргоо жана башка багыттагы жерлерине» которуу жөнүндө
Жер агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Апакаевдин “Шаабай Резорт” ЖЧКсынын башкы директору Т.Уметалиевдин 14,7 га жер тилкесин “жайыт”жеринен “транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлерге” которуу (трансформациялоо) жөнүндө арызы боюнча маалыматын, ошондой эле Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жерлерди “жайыт” категориясынан “транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлерге” которуу жөнүндө, инвестицияларды тартуу жана жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында жазган катынын негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы аянты 14,7 га жер участокторунун категориясын “жайыт” категориясынан “транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлерге” которууга макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө бул жерлерди “жайыттар” категориясынан “транспорт, байланыш, энергетика, коргоо, өнөр жайы жана башка багыттагы жерлерге” которуу боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч кат берүү жана бул токтомду аткаруу боюнча бардык зарыл иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |