Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/35
Жер тилкесин күрөөго коюу жөнүндө
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Апакаевдин Төш-Булак айылынын №259 контурундагы 2,2 га жер тилкесин Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондунан кредиттик каражаттарды алуу үчүн келишимге ылайык күрөөгө коюу шарттарын аткаруу зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Төш-Булак айылынын №259 контурундагы 2,2га жер тилкесин Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондуна ГЭС-1 долбоорун курууну ишке ашыруу үчүн заемдук каражаттарды алуу максатында күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |