Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/30
Сары-Өзөн айыл аймагында маалыматтык жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №597-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” эрежелерине ылайык, айылдык кеңештин депутаты, Сокулук райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы С.Иштыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Өзөн айыл аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгашырууга карата талаптардын ошону менен бирге имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жана маалыматтык-жарнамалык курулмаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо талаптарынын эрежелери бекитилсин жана мыйзамга ылайык сакталсын.
2. Сары-Өзөн айыл аймагында Сокулук райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү код дизайнына (эскиздик долбооруна) дал келтирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Талантбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага Т.Э.Бектемиров