Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 6-октябры № 861-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөр үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
1) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан Насоновское кенинде алтынды жана жезди иштетүү 1-тиркемеге ылайык;
2) алтынды жана жезди иштетүү үчүн Насоновское кениндеги объекттен тышкары, тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан Насоновское кенинде алтынга, жезге жана күмүшкө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан Насоновское кенинде алтынды жана жезди иштетүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13380000 | 4716740 |
2 | 13382000 | 4716740 |
3 | 13382000 | 4716300 |
4 | 13383000 | 4716300 |
5 | 13383000 | 4715000 |
6 | 13380000 | 4715000 |
Аянты 477,0 га | ||
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан Насоновское кенинде алтынга, жезге жана күмүшкө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13379820 | 4714140 |
2 | 13379970 | 4719000 |
3 | 13384070 | 4719000 |
4 | 13384045 | 4715180 |
Аянты 1321,0 га | ||
Алтынды жана жезди иштетүү үчүн Насоновское кениндеги кошулбаган объекттин тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13380000 | 4716740 |
2 | 13382000 | 4716740 |
3 | 13382000 | 4716300 |
4 | 13383000 | 4716300 |
5 | 13383000 | 4715000 |
6 | 13380000 | 4715000 |
Аянты 477,0 га | ||