Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-октябры № 638
"Бардык сезондогу "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери" мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө
"Бардык сезондогу "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери" мамлекеттик маанидеги долбоорун өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" жана "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Ала-Тоо Резорт" МИ) мамлекеттик менчиктеги 100 пайыз акцияларын сактоо менен жана уставдык капиталын белгиленген тартипте аныктоо менен "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Ала-Тоо Резорт" ААК) өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. "Ала-Тоо Резорт" ААК бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча "Ала-Тоо Резорт" МИнин укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына "Ала-Тоо Резорт" МИни киргизсин.
4. "Ала-Тоо Резорт" ААКта акционер катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) "Ала-Тоо Резорт" ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосун камсыз кылсын;
2) өткөрүп берүү актысын бекитүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;
3) "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коомунун уставын бекитсин;
4) "Ала-Тоо Резорт" ААКтын акцияларын уюмдаштырып чыгарууну баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
5) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте "Ала-Тоо Резорт" МИни "Ала-Тоо Резорт" ААКка өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашырсын, анын ичинде түзүлүп жаткан ачык акционердик коомдун уставдык капиталына андан ары салуу үчүн "Ала-Тоо Резорт" МИнин активдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте инвентаризациялоону жана баалоону жүргүзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:
- 57-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-2-пунктча менен толукталсын:
"10-2) объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана бардык сезондогу тоо-лыжа кластеринин инфраструктуралык объекттерин куруу жана модернизациялоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашырууда келип чыгуучу башка милдеттерди ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди оперативдүү (мөөнөттүү) чечүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен сатып алуу;".
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Ала-Тоо Резорт" ААКты Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 55а дарегинде жайгашкан имаратка жайгаштырсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |