Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 8-октябры ПЖ № 280
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 10 -октябрындагы № 77 саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |