ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 104
Орозбеков айыл өкмөтүнүн кеңсесине кирүүчү дарбазаны оңдоп-түзөө жана айланасын тосуу жөнүндө
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Т.Алибаеванын Орозбеков айыл өкмөтүнүн кеңсесине кирүүчү дарбазаны оңдоп-түзөө боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн кеңсесине кирүүчү дарбазаны оңдоп-түзөө жана айланасын тосуу үчүн 2023-жылдын бюджетинин 2222 беренесинен акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго жүктөлсүн.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө ажыратылган акча каражатын өз багытында максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |