ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 103
Орозбеков айыл аймагында жайгашкан Д.Сыдыков, С.Тешеев орто мектептеринин жана №3 “Охна” гимназия-мектебинин кайрылуулары жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин Орозбеков айыл аймагында жайгашкан Д.Сыдыков , С.Тешеев орто мектептеринин жана №3 “Охна” гимназия-мектебинин үч тараптуу келишимдин ( КР Билим берүү жана илим министрлиги, Орозбеков айыл өкмөтү жана мектептер) негизинде ишке ашып жаткан “Келечекке билим берүү” долбоору боюнча кайрылуулары жөнундө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Келечекке билим берүү” долбоору боюнча келген оргтехникаларды орнотуу боюнча ар бир мектепке сметага жараша Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жыл башына калган бюджеттин калдыгынан акча каражатын ажыратып берүү жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |