ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 102
Орозбеков айылынын Зар участкасындагы Тулебердиев көчөсунө төмөнкү басымдагы газ тутүкчөлөрүн тартууга уруксат берүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин Кыргыз Республикасында айылды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун алкагында Орозбеков айылынын инфратүзүмүн жакшыртуу максатында KOIСA уюму тарабынан грант катары берилүүчү акчага Зар участкасындагы Тулебердиев көчөсунө төмөнкү басымдагы газ тутүкчөлөрүн тартуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кенеши токтом кылат:
1. Орозбеков айылынын Зар участкасындагы Тулебердиев көчөсунө төмөнкү басымдагы газ түтүкчөлөрүн тартууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |