Редакцияот 01.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 01-февралы № 99

 

Орозбеков айылынын Таш-Булак сайынын боюнда жашаган тургундардын кайрылуусу жөнүндө

Орозбеков айылынын Таш-Булак сайынын боюнда жашаган тургундардын кайрылуусу боюнча социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Имарбековдун билдирүүсүн угуп, айыл аймакта өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Орозбеков айылынын Таш-Булак сайынын кооптуу болуп саналаган жээгин селден бекемдөө жумуштарын ӨКМдин иш планына сунуштоо менен биргеликте иш алып баруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жогорудагы жумуштарды “Азык-түлүк программасына” киргизүү менен аткарууга алуу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Орозбеков айылдык

кеңешинин төрагасы:

О.Ибрагимов